Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бу(л) деген шилтеме ат атоочто келген бу уңгусу мен дегендеги ме, биз дегендеги би деген уңгулар менен биригип, бир эле уңгунун ар түрдүү варианттарын түзөт. Мындагы бе деген уңгуга -ры деген багытты билдирген мүчө жалганган. Ага -ки мүчөсү уланганда и тыбышы түшүп, берики болбостон, берки деген түргө келген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бери жактагы, бери тараптагы жагы. Берки үчөө кобурашып жатып бир топтон кийин, уктап калышты (Байтемиров). Көйкөлүп мелт-мелт этет жайык бети, Көрсөтүп чоң боз үйдү берки четки (Осмонов). 2. Чыгыш жөндөмөдөгү атооч сөздөр менен айкалышып, мезгилди билдирет. Бул биздин көптөн берки жашыруун сырыбыз эле (Элебаев). Үч күндөн берки алганыңдын баары кайда (Элебаев).