1. к. баш оту менен. 2. Улуулугуна, же кандайдыр адамдык сапатына карабастан деген мааниде, көбүнчө, туура эмес иш кылган адамдарга карата нааразылыгын билдирүүдө, уяткарууда колдонулат. Сакалдуу башың менен ушундай да иш кыласыңбы? Колго түшкөн карышкырды эркек башың менен куткарып жибергениң уят эмеспи? Ичет, катын башы менен (Жусупов). Экинчиден, Серкебай, Серкебай башы менен эшигине келаткан мартабасына сыймыктанды (Осмоналиев). Эркек башы менен жерге көмөлөнүп өзү маскараланды (Бейшеналиев).
1. к. БАШ ОТУ МЕНЕН 2. Улуулугуна же кандайдыр адамдык сапатына карабастан деген мааниде көбүнчө туура эмес иш кылган адамдарга карата нааразылыгын билдирип уяткарууда колдонулат. Сакалдуу башың менен ушундай да ищ кыласыңбы? Колго түшкөн карышкырды эркек башың менен куткарып жибергениң уят эмеспи? Ичет, катын башы менен (Жусупов). Экинчиден, Серкебай башы менен эшигине келаткан мартабасына сыймыктанды (Осмоналиев). Эркек башы менен жерге көмөлөнүп өзү маскараланды (Бейшеналиев).
Көндүм болгон, өнөкөт болуп калган адат калбайт, аны өлмөйүнчө таштабайт. - Болушуңду актабай эле кой. Анын мындай опуртмалуулугу башы менен жатат (Бейшеналиев). Сенин мындай катаал, кырс кыялың башың менен жатат го! Жалгыз балаңа ийикпесең, кимге жакшылык кыласың - деп кемпир чалын жемелей баштады («Ала-Тоо»).
Көндүм, өнөкөт болгон адатын калтырбоо, аны өлмөйүнчө таштабоо. – Болушуңду актабай эле кой. Анын мындай опуртмалуулугу башы менен жатат (Бейшеналиев). Сенин мындай катаал, кырс кыялың башың менен жатат го! Жалгыз балаңа ийикпесең, кимге жакшылык кыласың, – деп кемпир чалын жемелей баштады («Ала-Тоо»).
Бүт мүмкүнчүлүгүн жумшаса да, бардык күчү менен катуу аракеттенсе да, өлүп-тирилип иштесе да. Кимдин кабыргасын кайыштырган кандай кайгысы бар экенин билсең, сүйлөшө алсаң, эл башы менен жер казса да бүтүрүп берет (Абдукаимов). Ансыз деле эчтемесин аябаган немелер дагы эле аябайт, башы менен жер казса да берет («Кыргызстан маданияты»). Башым менен жер казсам, Бай карабайт убалга (Осмонкул).
Бүт мүмкүнчүлүгүн жумшоо, бардык күчү менен катуу аракеттенүү, өлүп-тирилип иштөө. Кимдин кабыргасын кайыштырган кандай кайгысы бар экенин билсең, сүйлөшө алсаң, эл башы менен жер казса да бүтүрүп берет (Абдукаимов). Ансыз деле эчтемесин аябаган немелер дагы эле аябайт, башы менен жер казса да берет («Кыргызстан маданияты»). Башым менен жер казсам, Бай карабайт убалга (Осмонкул). В.: Төбөсү менен жер казуу. Төбөм менен жер казсам да жакшылыкты билбедиң («Чалкан»).
Иштин ошондой (адатта жаман) абалда калышына тикеден-тике жооп берүү, кандай жаза болсо да жеке өзү көтөрүү. Көзүң кашайгыр, азыр таппасаң башың менен жооп бересиң! (Тойбаев).
Иштин ошондой (адатта жаман) абалда калышына тикеден-тике жооп берүү, кандай жаза болсо да жеке өзү көтөрүү. Көзүң кашайгыр, азыр таппасаң башың менен жооп бересиң! (Тойбаев).
Эч тартынбай, аянбай, бүт мүмкүнчүлүгү, бардык далалаты, кан-жаны менен абдан берилип аракеттенүү. Эрдигине бел байлап, ынтымагыңа башым менен кирип кеткем, Ыркың бузба, баатырым, ырыс алды – ынтымак (Тойбаев).
Эч тартынбай, аянбай, бүт мүмкүнчүлүгү, бардык далалаты кан-жаны менен абдан берилип аракеттенүү. Эрдигине бел байлап, ынтымагыңа башым менен кирип кеткем, Ыркың бузба, баатырым, ырыс алды - ынтымак (Тойбаев).