Киргизско-русский словарь Юдахина
золото;
сары алтын или кызыл алтын чистое золото;
сабырдын түбү сары алтын погов. основа (результат) терпения - чистое золото;
алтын саат золотые часы;
алтын так фольк. золотой трон;
ак алтын хлопок (букв. белое золото);
кара алтын нефть (букв. чёрное золото);
башыман ылдый алтын куйсаң да! или алтынга бөлөсөң да! хоть ты озолоти (не буду) !

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кымбат баалуу сары түстүү жаркырак металл. Алтын, күмүш эшилген Кендериң бар Ала-Тоо (Бөкөнбаев). Алтын чирибейт, акыл азбайт (макал).
  1. 2.                  өт. Кымбаттуу, баалуу, сонун, эң жакшы. Ала-Тоо жериң алтын, Биле элек элиң баркын (Аалы). Айтканың кантип унутам Сендей алтын баланын («Олжобай менен Кишимжан»). Алтын билим, өнөрдүн Сүтүн берген мугалим (Бөкөнбаев).

3. өт. Сары түстүү. Жапырылган түрдүү чөп Алтын сындуу көрүнөт («Эр Төштүк»).
Ак алтын — пахта. Кара алтын — көмүр. Алтын жаак, жез таңдай — чечен, сөзмөр. Алтын жаак, жез таңдай Ырчы болгон экенсиң (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Зергерчилик иште, кымбат баанын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу capы түстөгү баалуу металл. Жамбы алтын. Таза алтын. 2. Ушул металлдан жасалган. Алтын сөйкө. Алтын кашык. 3. өт. Өтө баалуу, мыкты, эң сонун, жогорку сапаттагы. Алтын билим өнөрдүн Сүтүн берген мугалим (Бөкөнбаев). Айтканын кантип унутам, Сендей алтын баламын («Олжобай менен Кишимжан»). Айтматов бир Алтын сымал Адам го, Дат баспаган, кадыр-баркын билерге (Акматалиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЛТЫНАЙ — эпизоддук кейипкер. Үргөнчтүн боюнда Семетейдин жолун тосуп жаткан Айчүрөктүн нөкөрү (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 47).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЛТЫНАЙ — кейипкер. Манастын төртүнчү аялы, Кенжуттун каны Айгандын кызы. Алмамбеттин кеңеши боюнча Манас Айганга казат жасап жеңгенде анын кызы А-ды Алмамбет жактырып үйлөнмөк болот, бирок анын андай оюн билбеген Манас олжого түшкөн кыздарды бөлүштүргөндө өзү алат. Меңдибайдын ушак сөзү менен Манастын бул жоругуна тарынган Алмамбет андан кетмек болот. Меңдибайдын ушагы ашкереленгенде Алмамбет менен Манас элдешет.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЛТЫНАЙ — эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизод боюнча балбан күрөшкө түшүрүү үчүн Агышты издеп Аккандын кызы А-дын үйүнөн кыз оюндан табышат (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 89-б.).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЛТЫНАЙ — эпизоддук кейипкер. Валиханов жазып алган эпизоддо Төштүк жер алдына түшкөндө Айкандын кызы А-ды күчтөп тартып алганын эскерет (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7. 85-б.).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЛТЫНАЙ — эпизоддук кейипкер, Каныкейдин энеси, Семетейдин таенеси. Сарытаздан атасы Манас экенин угуп тамак ичпей тарынып жатып алганда Семетейге келип, тарынба деп жалынат. Семетей Таласка барганы жатканда, ичинде кеги кетпесин деп, Актулпарды, Көк күпүнү, Боз келтени беришин Темиркандан суранат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 133, 140—144).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЛТЫНАЙ — каарман, Алмамбеттин энеси. Эпостун түрдүү варианттарында ар кандай ысым менен берилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аты Экзер, өзү Соорондүктүн аялы болуп айтылат. Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин варианты нда А. Соорондүктүн кызы. Баласыз жүргөн Азизканга алып берүүгө кыз сынатканда Карыкандын аярлары ушул баатыр уул төрөйт деп үч айлык боюнда Алмамбет бар А-ды тандашат. А. акылдуулугу менен Алмамбетти жан кишиге билгизбей төрөйт да атасы Соорондүккө бактырып, аман алып калат. Радлов жазып алган варианты боюнча Алмамбет энесине келип мусулман бололу десе А. болбой коёт. Саякбай Каралаевдин варианты нда А-дын мусулман болуп көрсөтүлүшү Алмамбеттин мусулман динине өтүш себебин ачыш үчүн болгон аракет. Алмамбет туугандары менен касташып, аркасынан кууп келген көп кол менен согушуп жүргөндө А. жалгызыма караан болуп берейин деп эркекче кийинип, колуна найза алып чыкканын:
Кызыл түпөк сыр найза
Энем колго алыптыр,
Мен шордууга жеткирбей
Алоокенин Калчасын
Бөйрөктөн тосуп калыптыр (Саякбай Каралаев, 2. 115),
— деп Алмамбет Манаска баяндайт. Ошондо Алгараны жарадар кылып, А. өзү курман болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЛТЫН ВАЛЮТА КОРУ – эларалык төлөмдөрдү жүргүзүү, төлөм балансасынын таңсыктыгын жабуу, эларалык базардагы валюта кунун турукташтыруу үчүн колдонулуучу борбордук банк жана мамлекеттик казынада кармалган алтын менен четөлкө валютасынын ырасмий өлчөмү. Баалуу металлдардын, асыл таштардын, ошондой эле алардан жасалган буюмдардын жыйындысы А. в. к-нун негизин түзөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Алтындын буусуна кармап каңдоо, бышыруу, алтынга жалатуу. Эрмитажда сакталган алтындаган скифтик калай идиш бар («Советтик Кыргызстан»). Төбөсүнө кийгени, Алтындаган такыя («Эр Табылды»). Ааламды жеке билсе да, Алтындап үйгө кирсе да (Токомбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Мыкты сөзмөр, чечен, акындыгы жетик. Алтын жаак, жез таңдай, Акындар чыгат пендеден (Токтогул). Бул баатырдын, чечендин жана алтын жаак, жез таңдай акындын конушу - деп белгилүү адамдарды санап чыкты (Каимов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЛТЫН КОРУ – борбордук эмиссия банкынын, мамлекеттик каржы органдарынын же эларалык валюта-кредиттик уюмдарынын карамагында турган (уютулган же тыйын түрүндөгү) борбордоштурулган алтын кору.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЛТЫНКӨКҮЛ, Көкүл—эпизоддук кейипкер, думара элинин белдүү адамы. Көкөтөйдүн ашында эр сайышка минерге Манаска ат издеген Кошой Үрбүнүн кара атынан кийин А-дүн Торкашка деген күлүгүн сынап, көрүп, жаратпай коёт (Сагымбай Орозбаков, 3. 243).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЛТЫН ТЕҢДЕШТИГИ – 1) мамлекет тарабынан белгиленген жана мыйзамда камтылган таза алтындын (салмагынын) өлкөнүн акча бирдигиндеги катышы; 2) 2 акча бирдигинин камсыздандыруучу катары белгиленген алтын салмагы боюнча бири-бирине катышы.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Уккулуктуу, жагымдуу сөз айтуу, жакшы кабар айтуу. Кана, карыялар, алтын шилекейиңерди чачыратып, менин суроомо жооп бергиле (Баялинов). Алтын шилекейимди чачыратайынбы, алгырларым, же... (Бейшеналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЛТЫН-ЭМЕЛ — топоним. Семетей баатыр эр жетип, элин эңсеп чоролорунан «Алтын-Эмел, Күрөңкөй, Чором аны көргөн барсыңбы?» (Радлов жазып алган вариант, 312),— деп сураган жер. Географиялык реалияда Казакстандын Талды-Коргон облусундагы тоо жана ашуу.