АЛТЫНАЙ
Энциклопедия "Манас". ч.1.АЛТЫНАЙ — эпизоддук кейипкер, Каныкейдин энеси, Семетейдин таенеси. Сарытаздан атасы Манас экенин угуп тамак ичпей тарынып жатып алганда Семетейге келип, тарынба деп жалынат. Семетей Таласка барганы жатканда, ичинде кеги кетпесин деп, Актулпарды, Көк күпүнү, Боз келтени беришин Темиркандан суранат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 133, 140—144).