Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЛТЫНАЙ — кейипкер. Манастын төртүнчү аялы, Кенжуттун каны Айгандын кызы. Алмамбеттин кеңеши боюнча Манас Айганга казат жасап жеңгенде анын кызы А-ды Алмамбет жактырып үйлөнмөк болот, бирок анын андай оюн билбеген Манас олжого түшкөн кыздарды бөлүштүргөндө өзү алат. Меңдибайдын ушак сөзү менен Манастын бул жоругуна тарынган Алмамбет андан кетмек болот. Меңдибайдын ушагы ашкереленгенде Алмамбет менен Манас элдешет.