Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Өзүнөн улуу эркек бир тууганы, тууган-туушкандарынын жаш жагынан улуусу, ага. Бакас менин бир тууган агайым. Агайым армияда кызмат кылат.
2. Өзүнөн улуу эркекке кайрылганда урматтоо иретинде айтылуучу сөз. — Кечиресиз, агай [деди Гүлайым] (Бейшеналиев).
3. сүйл. Окуучулар тарабынан мугалимдерине карата колдонулуучу сөз. — Агай, мен айтайынбы?деп үнү жоон кара бала.. колун көтөрдү (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. ага I менен бирдей. Сабыр агай... ортоңку бөлмөгө чыгып барды (Сыдыкбеков). Асанбек – менин бир тууган агайым. Агайым армияда. 2. Өзүнөн улуу эркек кишиге урматтап кайрылуунун формасы. – Кечиресиз, агай, – деди Гүлайым (Бейшеналиев). – Агай! – деп калды Гүлнар (Сыдыкбеков). 3. сүйл. Окуучулар мугалимине кайрылганда колдонулат. – Агай! – деп колун көтөрдү бала, – мен айтайынбы? («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Тууган-туушкан, туугандыгы жагынан жакын адам. Агайын жардам кылбаса, Алыскы Кетмен-Төбөгө Алым жок эле барууга (Токтогул).
2. Ага-инилер, туугандар деген мааниде колдонулуучу сөз. — Кадырлуу агайындар !профессор кыргыз тилинде таптак айтты (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эркек бир туугандар, эки бир тууган. Баатыр Сыргак кайран эр, Адамдан артык чамасы, Манас экөө бир ата, Агайындын баласы («Манас»). Эки агайын балдары болобуз. 2. Туушкан, туугандык жакындыгы бар адам. Агайынды жамандап, Тууганды кайдан табасың? (Токтогул). 3. Жалпы эл-журт, көпчүлүк. Баланчанын уулу деп, Агайынга даңк болот (Осмонкул). – Митинге жабык, агайындар! – деди Шамбет көпчүлүккө (Сыдыкбеков).