Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бир нерсенин составдык бөлүгү, жагы. Фольклордун да бизге керектүү элементи бар («Советтик Кыргызстан»).
2. хим. Химиялык жөнөкөй жол менен составдык бөлүккө ажырабай турган жөнөкөй зат. Элементтердин мезгилдик системасы.
3. саяс. Кандайдыр бир коомдук чөйрөнүн өкүлү. Реакциячыл элементтер, байлар менен манаптар театрга кастык кылды («Советтик Кыргызстан»). Партия өзүн оппортунисттик элементтерден тазалап тургандыгы менен чыңдалат («Коммунист»).
4. физ. Электр тогун алууга колдонулуучу прибор.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (составная часть сложного целого) элемент (татаал бир бүтүндүктүн составдык бөлүгү);
важнейшие элементы драматического произведения драмалык чыгарманын зор маанилүү элементтери;
2. элементы мн. (основы, начала) элементтер (бир нерсенин башталгычы);
элементы алгебры алгебранын элементтери;
3. хим. элемент (жөнөкөй химиялык жол менен эң жөнөкөй составдык бөлүккө ажыралбай турган зат);
периодическая система элементов элементтердин периодический системасы;
4. физ. элемент (электр тогун алууга арналган прибор);
гальванический элемент гальваникалык элемент;
сухой элемент кургак элемент;
прогрессивные элементы общества коомдун прогрессивдүү элементтери;
подозрительный элемент күнөмдүү, шектүү элемент.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Татаал бир бүтүндүктүн курамдык бөлүгү. Пейзаждык сүрөттөөлөр көркөм чыгарманын маанилүү элементтеринин бири. 2. Бир нерсенин башталгыч негизи. Кыргыздын таланттуу төкмө акындары Токтогул, Тоголок Молдо. Жеңижок, Барпылардын чыгармаларында жер, суу, от, аба – жаратылыштын негизин түзүүчү элементтери экендиги жөнүндө натурфилософиялык көз караштары камтылган. 3. Жөнөкөй химиялык жол менен курамдык бөлүккө ажыратылбай турган зат. Элементтердин мезгилдик системасы. 4. өт. Кандайдыр бир коомдук чөйрөнүн өкүлү. Коомдун прогрессивдүү элементтери.

Русско-кыргызский словарь математических терминов (1996)
элементардык функция (көп мүчөлөрдү, рационалдык функцияларды, көрсөткүчтүү, даражалуу, логарифмдик, тригонометриялык жана тескери тригонометриялык функцияларды камтыган функциялардын классы)

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (начальный) элементардык, баштапкы, алгачкы, негизине гана тийиштүү;
элементарная математика элементардык математика;
2. (простейший) жөнөкөй, баарыга түшүнүктүү, өзүнөн өзү белгилүү, түшүндүрүүнү керек кылбай турган;
элементарный способ решения задачи эсепти чыгаруунун жөнөкөй жолу;
3. перен. (упрощённый, ограниченный) жөнөкөй, терең эмес, чектелген, оңойлотулган;
элементарный взгляд на вещи буюмга жөнөкөй (терең эмес) көз караш.