Киргизско-русский словарь Юдахина
карман;
төш чөнтөк верхний (нагрудный) карман;
жан чөнтөк боковой карман;
жардынын чөнтөгүнө акча кирсе, турна болуп кыйкырат погов. если бедному в карман попадут деньги, он кричит по-журавлиному;
чөнтөгү түптүү или чөнтөгүнүн түбү калың или чөнтөгү терең у него карман толстый; денег у него много;
чөнтөгү тайкы у него в кармане не густо;
чөнтөккө ур- прикарманить;
чөнтөк кактыр- см. кактыр-;
чөнтөк дептери см. дептер.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Акча же анчалык чоң болбогон буюмдарды салуу үчүн кийимдердин (пальто, шым ж. б.) сыртына же ичине кошо тигилген кичинекей баштыкча. Жардынын чөнтөгүнө акча кирсе, турна болуп кыйкырат (макал).
Чөнтөгу калың же чөнтөгү түптүү — акчасы көп.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Акча же анчалык чоң болбогон буюмдарды салуу үчүн кийимдердин (пальто, шым ж.б.) сыртына же ичине кошо тигилген кичинекей баштыкча. Жардынын чөнтөгүнө акча кирсе, турна болуп кыйкырат (макал).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түркчө ичинтеки (ДТС, 202) сөзү азыркы кыргызча ичиндеги сөзүнө туура келет. Бирок ошол сөздүн башындагы жана аягындагы и тыбыштары түшүп, ортосундагы үндүүлөрү ө тыбышына өзгөрүшүнөн чөнтөк сөзү келип чыккан. Кийимдин чөнтөгүнүн оозу сыртында болгон менен, өзү ичинде болот. Ушул өзгөчөлүгү анын атынын келип чыгышына негиз болгон. Ал үчүн алгачкы ичинтеки--> чинтек-->чинтөк-->чөнтөк болуп өзгөргөн.