ЧӨНТӨК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБайыркы түркчө ичинтеки (ДТС, 202) сөзү азыркы кыргызча ичиндеги сөзүнө туура келет. Бирок ошол сөздүн башындагы жана аягындагы и тыбыштары түшүп, ортосундагы үндүүлөрү ө тыбышына өзгөрүшүнөн чөнтөк сөзү келип чыккан. Кийимдин чөнтөгүнүн оозу сыртында болгон менен, өзү ичинде болот. Ушул өзгөчөлүгү анын атынын келип чыгышына негиз болгон. Ал үчүн алгачкы ичинтеки--> чинтек-->чинтөк-->чөнтөк болуп өзгөргөн.