Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. сторона, направление;
советтик тараптан төмөнкү жолдоштор болушту с советской стороны присутствовали следующие товарищи;
бир тараптан..., экинчи тараптан... с одной стороны..., с другой стороны...;
туш тараптан или ар тараптан со всех сторон;
ар бир тараптан с каждой стороны, из... сторон;
дүйнөнүн төрт тарабы геогр. четыре страны света;
чар тарап то же, что чартарап;
2. сторонник;
жардыга тарап Током деп фольк. мой Токо, мол, сторонник бедняков;
3. ист. одна из враждующих сторон, группировка (гл. обр. на выборах местной администрации);
эки эл тарап болсо, эптүү жигит катын алат погов. когда два племени (или рода) враждуют, ловкий парень (на этом) жену себе добывает;
эки тарап баштаган Эрмек менен Быржыбай стих. две стороны возглавляли Эрмек и Бырджыбай;
4. в исх. п. и с притяж. аффиксом 3 л.:
суд тарабынан жаза берилди судом дано наказание;
милиция тарабынан кармалды пойман милицией;
туш тарабы кыбыла у него всё гладко; для него кругом раздолье.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жак, багыт. Бекжан колу менен түндүк тарапты көрсөттү (Абдукаримов). Темиров эки тарабынан жайылып өтүп жаткан койду карайт (Жантөшев).
Чар тарап — төрт тарап. Кар боройлоп, шумдуктуу бороон чар тараптан сокту (Жантөшев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРАПТАР – 1) укуктардын теңдигинин шартында сотто жана бейтарап сотто айыптоо жана жактоо (коргоо) ишмилдеттерин аткаруучу органдар жана жактар; 2) жарандык-укуктук мамилелерге катышкан жана катышуучу жактар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРАПТАР ТАРАБЫНАН ӨЗАРА ЖАРАНДЫК АЛАКАСЫ БОЮНЧА ТАНДАЛЫП АЛЫНГАН МЫЙЗАМ (lex voluntatis ) – эларалык жеке укуктагы бекитүү формуласы; тараптар – жарандык укук мамилелеринин катышуучулары тандап алган мамлекеттин укугу колдонула тургандыгын билдирет. Ал келишимдик милдеттенмелер аркылуу гана колдонулат жана да жалпы таанылат. Баардык коллизиялык маселелер келишимдик милдеттенмелер чөйрөсүндө чечилгендиктен, улуттук коллизиялык укукта да, эларалык келишимдерде да тараптардын эрки чечүүчү күчкө ээ болот.