Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилиндеги таандык сөзү таан+лык морфемаларынан куралган. Мындагы таан уңгусу мага тен, сага тен, тен ал сыяктуу учурда айтылган тен сөзүнүн өзгөргөнү болуп эсептелет. Казак тилинде ал сөз тен түрүндө айтылып, кыргызча таандык сөзүнүн маанисинде колдонулат. Ошол тен уңгусу кыргыз тилинде созулма үндүү менен айтылып, -лык мүчөсү уланып таандык түрүнө келген.