Киргизско-русский словарь Юдахина
1. статный; имеющий хороший вид и обладающий положительными качествами;
сындуу жигит статный парень;
аттары сындуу, тандалган кони у них статные, отборные;
сындуу болсо өтүгүң, оорутпасын бутуңду погов. если твои сапоги красивы, пусть не причиняют боли ногам;
2. послелог, выражающий подобие;
чоюн сындуу подобный чугуну, как чугун;
элик сындуу күлүк скакун, подобный косуле (по стройности и по бегу);
ат кайтартып коюшту, Молдожаш сындуу балага фольк. коней сторожить они поручили такому пареньку, как Молдоджаш;
аба сындуу керек нужен как воздух.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. Келишимдүү, келбеттүү, сыны мыкты. Сабыр дөбөгө чыкканда сындуу бою балдардын көзүнө сүрдүү, сүйкүмдүү көрүндү (Сыдыкбеков). Сымбатын таап ырдайлык, Балам, сындуусу чыгат келинден (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Окшош, сыяктуу, өңдүү. Бийикте деңиз сындуу көпкөк асман, Тоо башын көлөкөлөп булут баскан (Токомбаев). Коё берсе арыштап, Кулан сындуу жүгүргөн (Осмонкул). Атуулуңду пешка сындуу санаган, Арыласың качан ушул адаттан? (Байгазиев).