Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сыйлуу адамга (конокко, куда-кудагыйларга ж. б.) кийгизген кийим. Сарпайдан үч жүз тон болду («Манас» С. О.). Тойго келген кудаларга сарпай кийгизишти. Сагызган учпас сап токой, Сарпайын жүктөйт бир ногой («Эл адабияты»). 2. Кооздолгон ат жабуу. Эгер Каныбекти кармап берсеңиз, Сарпайылап ат мингизем (Жантөшев). Сарпайы санга толуптур («Манас» С. О.). 3. Баалуу белек. Сый сарпай кимди гана кубандырбайт (Абакиров). 4. өт. Кандайдыр бир нерсенин үстүнө жабылган жабуу. Коңур күздүн акыркы айы жаңырып, Тоолор эчак кыш сарпайын жамынган.