Киргизско-русский словарь Юдахина
борода;
сакал кой- отпустить бороду;
сакал тойдо керек погов. борода нужна на пирах (почёта больше, лучший кусок попадёт и т.п.);
сакалдан ал- схватить за бороду;
сакалымдын агында, сапар кетер чагымда фольк. когда борода моя бела, когда (последний) путь мой близок;
ак сакал (или аксакал)
1) белая борода; белобородый;
2) старик;
3) форма почтительного обращения к пожилому или старому (а иногда к высшему по положению) мужчине;
ак сакалдар совети совет старейшин;
бир атанын ак сакалы уст. мужчина, старший по возрасту или по положению в ауле;
кара сакал
1) чёрная борода; чёрнобородый;
2) мужчина среднего возраста (моложе, чем көк сакал);
көк сакал мужчина моложе, чем ак сакал;
аксакал, көк сакалдар почтенные мужи (старые и помоложе);
тыкма сакал
1) густая борода;
2) (о человеке) с густой бородой;
бетеге сакал мягкая борода;
куу сакал седой как лунь старик; древний старик;
чыпка сакал свалявшаяся густая борода (которую не расчешешь);
жулма сакал редкая, короткая без завитков борода;
үкөк сакал сев. длинная густая окладистая борода; борода, покрывающая всё лицо;
черкеш сакал сев. аккуратно подстриженная окладистая борода (букв. черкесская борода);
ата сакал сев. часть бороды. под нижней губой выше подбородка (считается чын сакал настоящая борода);
сакал кырк-
1) стричь, обрезать бороду;
2) этн. обрезать бороду (одно из позорных наказаний для мужчины; ср. чач кырк-, см. чач I);
сакалың жулунгур! пусть будет выдрана твоя борода!;
сакалың кыркылгыр! пусть будет срезана твоя борода!;
сакалың өрттөнгүр! сгори твоя борода! (очень оскорбительная брань, форма проклятия по адресу мужчины);
кыркылып калсын сакалым! фольк. да будет мне позор!;
сакалым өрттөндү опозорился я, срам моей головушке;
сакалыңыз эмнеден өрттөндү? чем вы осрамились?
сакалы өрттөнүп кетпейби! да разве это не будет для него позором!;
сакалың күйгөн наадан! будь ты проклят, невежда!

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Эркектердин жаактан ылдый тарта, ээкти каптай чыккан кылы. Сакалдын көркү чалда бар, Сулуунун көркү калда бар (Токтогул).
2. Айрым айбандардын (мис., эчки-текенин) ээк алдына узун жана топ болуп чыккан жүнү.
Ак сакал аксакал менен бирдей.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эркектердин жаактан ылдый тарта, ээкти каптай чыккан кылы. Сакалдын көркү чалда бар, Сулуунун көркү калда бар (Токтогул). Сакал-мурут сайылып кокту-жарга... санаасы тынч болууга жок бир арга (Култегин). 2. Айрым айбандардын (мис., эчки-текенин) ээк алдына узун жана топ болуп чыккан жүнү.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Саклаб» деген сөздүн өзгөргөн түрү, славян (орус, украин, белорус, поляк ж.б.) элдери ушундай аталган (Карасаев 1987:212). Журттун баары чогулуп Болжогон жерге барганы, Тарса, жөөт, сакалат, Аягы барып бул иштин Ат келишке такалат (Сагымбай Орозбаков, 3. 263).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Славян элдери: орустар, украиндиктер, белорустар, поляктар, чехтер, словяктар, болгарлар, сербдер, харзаттар ж. б. Ар түрдүү элдин улугу, Арманда Шоорук куруду. Сакалат менен тарсасы, Келген экен бул колго Ынды менен калчасы («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
бородач, пожилой мужчина, мужчина почтенного возраста;
сакалдуу киши жоого түшөрбү? погов. разве бородатый человек врагу в руки дастся? старого воробья на мякине не проведёшь;
топ ичинде сакалдуу тоого чыккан арчадай стих. бородатый на сборище подобен арче, выросшей на горе;
сакалдуусу мен болом я среди них (взрослых) самый старший;
сакалдуу-көкүлдүү бородачи; люди почтенного возраста, пожилые (независимо от пола);
сакалдуу-көкүлдүүлөп см. көкүлдүүлө-.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жашы улгайып калган кишилердин ылайыксыз, олдоксон, жаман жүрүш турушуна, тескери жоруктарына карата жек көрүү, наалат айтуу маанисинде колдонулат. Сакалын өрттөнгүр, каратып туруп калп айткандан уялсаң боло! («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашы улгайып калган кишилердин ылайыксыз, олдоксон, жаман жүрүш-турушуна, тескери жоруктарына карата жек көрүү, наалат айтуу маанисинде колдонулат. Сакалың өрттөнгүр, каратып туруп калп айткандан уялсаң боло! («Ала-Тоо»). В.: Сакалың кыркылгыр! Сакалың кыркылгыр, кылган ишин кара!