САКАЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Эркектердин жаактан ылдый тарта, ээкти каптай чыккан кылы. Сакалдын көркү чалда бар, Сулуунун көркү калда бар (Токтогул). Сакал-мурут сайылып кокту-жарга... санаасы тынч болууга жок бир арга (Култегин). 2. Айрым айбандардын (мис., эчки-текенин) ээк алдына узун жана топ болуп чыккан жүнү.