Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
псевдоним (жашырын ат, тоголок исим. Муну көбүнчө жазуучулар колдонушат; мис. Максим Горький - А. М. Пешковдун псевдоними; Балка - А. Токомбаевдин псевдоними);
писать под псевдонимом псевдоним менен жазуу;
раскрыть псевдоним псевдонимин ачып коюу.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАШЫРУУН АТ (ПСЕВДОНИМ ) (гр. pseudonymos – ойдон чыгарылган ысымды алып жүрүүчү) – илимий, адабий же көркөм өнөр авторунун ойдон чыгарылган, шарттуу ысымы. Автордун мүлктүк эмес жеке укугу болуп саналат. Автордун макулдугусуз, ал өлгөндөн кийин, анын чыгармаларынын колтийгистигин крогогон жактын макулдугусуз Ж. а-ты ачыкка чыгаруу автордук укукту бузат. Ж. а-тын бир түрү – астроним (гр. astron – жылдыз жана onyma – ат) – автордун атын кандайдыр бир басма белгиси менен белгилөө (м.: жылдызчалар).