ир.
благо, добро; счастье, удача;
ооматы келсе, ким көппөйт? кто не возгордится, когда привалит счастье?
ооматы баштан кеткен ему счастье изменило, его положение пошатнулось.
зат. Ыңгайлуу, оңтойлуу жакшы убак, мезгил. Эгин быйыл мыкты чыкты. Быйыл шалынын да ооматы келген экен (Абдукаримов).
оомат (жыргал, келкел,
байлык өөмөт эмес),
ооматы, ооматты
иранизм. «благо, добро, счастье, удача» (Юдахин 1965:574). Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат, осмо кетет, каш калат, оомат кетет, баш калат (фольклор).
Байлык, бакыт, бийлик. Он бир шары бар экен, Ооматына караган («Манас» С. О.). Оолак жүрүп, оомат, абийир тапсам да, 50 жашта жалгыз калган жакшы эмес (Акималиев).
Ыңгайлуу, оңтойлуу жакшы убак, иши илгери кеткен, иши оңолгон мезгил. Эгин быйыл мыкты чыкты. Быйыл шалынын да ооматы келген экен (Абдукаримов). Ооматы келсе байлыгын, Коркконсуп элден жашырат («Эл адабияты»).
Иши оңолуу. Бизге да оомат бурулар (Барпы).
Кадыр-баркы, абийири, уяты кетүү. Уурудан оомат кыйшайган, Калгандары сумсайган (Барпы).