Киргизско-русский словарь Юдахина
склонённый, перевесившийся, свалившийся набок, накренившийся;
ээрдин бир жагына оодугураак отуруп сев в седло немного боком; соскальзывая с седла;
Ажар эмчегин Алымга оодук эмгизип баккан Аджар кормила грудью Алыма больше (чем другого ребёнка, которого кормила одновременно);
көңүлү бир жагына оодук болду сердце его склонилось к одной из сторон (он отдал предпочтение одной из сторон);
акчабыздын бир-бирибиздикинен оодук-кыйдыгы көп эмес денег у нас почти поровну.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз оо этишине -лук мүчөсү жалгануудан жасалган. Мындай мүчө буулук (<буу+лук), создук (<соз+дук), чалдык (<чал+дык), сыйлык (<сый+лык) сыяктуу этиштерде да катышат. Ал мүчө мааниси боюнча этиштин өздүк мамилесинин мүчөсүнө жакындык кылат.