Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. в разн. знач. школа;
орто мектеп средняя школа;
толук эмес орто мектеп неполная средняя школа;
жогорку мектеп высшая школа;
жумушчу жаштар мектеби школа рабочей молодёжи;
мектеп-интернат школа-интернат;
мектептин үйү здание школы, школьное здание;
саясий тарбия мектебине өтүштү они прошли школу политического воспитания;
мектепке чейинки дошкольный;
2. ист. начальная мусульманская школа (в отличие от русской или русско-туземной, которые назывались ишкөл, үшкөл).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жаш жеткинчектерге билим жана тарбия берүү ишин жүргүзүүчү окуу-тарбия мекемеси. Башталгыч мектеп. Орто мектеп.
  1. 2.                  Белгилүү адистерди даярдап чыгаруучу окуу жайы. Трактористтердин мектеби. Музыкалык мектеп.
  2. 3.                  Башынан өткөргөн окуя, тажрыйба. Турмуш мектеби.
  3. 4.                  Илимдин, искусствонун, адабияттын ж. б. коомдук аң-сезимдин бир формасындагы багыт, агым.

Жогорку мектеп — жогорку окуу жайларынын жалпы жонунан аталышы. Мектеп-интернат — өзүнүн алдында жатаканасы бар, жаштарды окутуп билим, тарбия берүүчү окуу жайы.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
мектеп, мектеби, мек теппи
мектеп буюмдары
мектеп гигиенасы
мектеп директору
мектеп имараты
мектеп-интернат
мектеп информатикасы
мектеп каникулдары
мектеп кафедрасы
мектеп кечеси
мектеп көргөзмөсү
мектеп курагы
мектеп музейлери
мектеп психологу
мектеп таануу
мектеп тарбиясы
мектеп тартиби
мектеп тизими

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаш жеткинчектерге билим жана тарбия берүү ишин жүргүзүүчү окуу-тарбия мекемеси. Башталгыч мектеп. Орто мектеп. 2. Белгилүү адистерди даярдап чыгаруучу окуу жайы. Трактористтердин мектеби. Музыкалык мектеп. 3. Башынан өткөргөн окуя, тажрыйба. Турмуш мектеби. 4. Илимдин, искусствонун, адабияттын ж. б. коомдук аң-сезимдин бир формасындагы багыт, агым.