Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көздөгөн тилек, каалаган ой, ишке ашырууга ниеттенген маселе. Биздин максат так ушул жетишкендиктерге теңелүү (Байтемиров). Алыска сапар чеккен Кара-Кашкам, Алдыңда бир максат бар: Алга! деген. Максаты бийик – алдатпайт, Кыялы күлүк – карматпайт (макал).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАКСАТТУУ БЮДЖЕТ ФОНДУСУ – бюджет тутумунун бир бөлүкчөсү, ал бюджетте эл чарбасынын кыйла артыкчылык берилүүчү тармактарын, мамлекеттик программаларды же белгилүү бир аймакты багыттап каржылоо үчүн түзүлөт. М. б. ф. негизинен борбордук деңгээлде түзүлөт. Алардын бюджет сыяктуу эле 1 жыл ичинде иштеп, андан кийин кайрадан түзүлө тургандыгы же өз ишинин токтотулушу М. б. ф-нун өзгөчөлүгү болуп саналат. Түзүү булактары – салыктар, бюджет каражаты, максаттуу мамлекеттик зайымдар, казына векселдери жана башкалар.