компьютерге таандык, компьютерде иштелүүчү. Китеп басууда компьютердик верстка кылынат. Компьютердик оюндар жаш балдардын ден соолугуна кооптуу.
КОМПЬЮТЕРДИК ВИРУС – ЭЭМди программалык камсыздоонун ишке жарамдуулугун бузуу, аны пайдалануучунун улуксаты жок эле, анын эркине каршы өзүнөн өзү көбөйүүчү жана таркалууга жөндөмдүү ЭЭМ программасы (ушундан улам анын аталышы оору козгоочу вируска окшош). Биринчи жолу 1980-жылдардын башында АКШда пайда болгон. К. в. менен күрөшүү үчүн вируска каршы программалар иштелип чыгууда. КР кылмыш-жаза мыйзамында биринчи ирет атамекендик иш тажрыйбада ЭЭМ үчүн зыяндуу программаларды түзгөндүгү, пайдалангандыгы жана тараткандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги белгиленген. «ЭЭМ үчүн программаларды түзүү же билип туруп ЭЭМдин, ЭЭМ тутумунун же алардын тармагынын иштөөсүн бузуучу, колдонуудагы программалардын санкцияланбаган жок болуп кетүүсүнө, маалыматтарды көчүрмөлөөдө тоскоолдуктарга алып келүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү, ага тете эле ошондой программаларды же ошондой программалуу машиналык алып жүрүүчүлөрдү пайдалануу же таратуу» жазалануучу жосундар болуп саналат.
computer security (noun)
The protection of information assets through the use of technology, processes, and training.
worm (noun)
Self-propagating malicious code that can automatically distribute itself from one computer to another through network connections. A worm can take harmful action, such as consuming network or local system resources, possibly causing a denial of service attack.
КОМПЬЮТЕРДИК КЫЛМЫШ – компьютердик информатика чөйрөсүндөгү кылмыш. К. к-тарга компьютердик маалыматтарга укук чектерине сыйбаган улуксатсыз кирип алуулар, ЭЭМ үчүн зыяндуу программаларды түзүү, пайдалануу жана таркатуу, ЭЭМ, ЭЭМ тутумун же алардын тармагын пайдалануу эрежелерин бузуулар кирет.
КОМПЬЮТЕРДИК МААЛЫМАТТАР ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ КЫЛМЫШТАР – мыйзам тарабынан корголуучу компьютердик маалыматтарга, б. а. ЭЭМдеги, ЭЭМ тутумундагы же алардын тармагындагы машиналык сактагычтагы маалыматтарга укуксуз кирүү, эгерде бул жосун маалыматтарды жок кылууга, чыгарбоого, модификациялоого алып келсе же болбосо көчүрүп алынса, ЭЭМдин, ЭЭМ тутумунун же алардын тармагынын бузулуусуна алып келген кылмыш.
Преступления в сфере компьютерной информации
computer program (noun)
A set of instructions in some computer language intended to be executed on a computer so as to perform some task. The term usually implies a self-contained entity, as opposed to a routine or a library.
наборно-компьютерная техника
КОМПЬЮТЕРДИК УКУК – айрым өлкөлөрдө ЭЭМ, ЭЭМ тутумдарын жана алардын тармагын пайдаланууда келип чыккан коомдук мамилелердин комплексин жөнгө салуучу укук ченемдеринин жыйындысы болуп саналган мыйзам тармагы. Юридикалык адабияттарда «К. у.» аталгысы менен бир катарда башка дагы – «информатика укугу», «маалыматтык укук» деген аталгылар да кездешет. Кийинкилери маалымат чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салышкандыктан, маалыматтар кандай каражаттар менен иштелип чыкканына жана анын алып жүрүүчүлөрү кандай экендиктерине карабастан К. у-ка караганда бир кыйла кеңири түшүнүктөр болуп саналышат.