Сырдык сөз; өкүнгөндө, кайгырганда же катуу чочуп кеткенде колдонулат. Эмнени айтат, катыгүн? Катуу жана күн деген сөздөрдөн жаралган: катыгүн//катүгүн < катуу < катыг + күн. Ушуга маанилеш каран күн деген сырдык сөздүн түзүлүшү да ушундай: каран+күн (КАТГ 1980:467). каран 1. азап-тозоктуу кыйын шарт, начар турмуш-абал. Жедеп күнүм каран болгондо келип отурбаймынбы (Маликов). 2. ээн калган, кароосуз, багуусуз абалда болгон. Каран калган жетимим, Каран түндү салбагын («Сейтек») (КТС 2010:650).
Өкүнгөндө, кайгырганда же катуу чочуп кеткенде колдонулуучу сөз. Катыгүн! Эми эмне кылабыз?!