Киргизско-русский словарь Юдахина
1. колпак; остроконечная: войлочная шапка;
ак калпак или айры калпак или чуйск. кыйган калпак
1) белый колпак с разрезами на полях (наиболее распространённый киргизский мужской головной убор);
2) перен. киргиз;
ай калпак колпак без разрезов на полях;
чий калпак соломенная шляпа;
кара чепкен, ак калпак- калың кыргыз элибиз чёрный халат, белый колпак - наш многочисленный киргизский народ;
тегерек калпак (в северном Синьцзяне) войлочная шляпа полусферической формы с полями без разрезов;
2. перен. шляпа (о ком-л.);
куу калпак бывалый, ловкий, хитрый, мастер обделывать делишки.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Көбүнчө жука ак кийизден төбөсүн бийигирээк кылып, этектерин түрүп коюуга ылайыкталып жасалган улуттук баш кийим. Мамбеткул кемселин жамынып, калпагын кийип, эшикти көздөй басты (Абдумомунов).
2. Шляпа. Чий калпак.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ак кийизден төбөсүн бийик, төрт кыйык, этегин жазы кылып, түрүп, кайырып коюуга ылайыкталып жасалган улуттук баш кийим. Аппак кийиз калпактар менен кызыл жоолуктар кылкылдайт (Бейшеналиев). Манас, Манас болду эми, Манас атка конду эми, Ак калпакты кийди эми («Манас»). Калыйча эң кооз папиктерди кадаган келишимдүү ак калпак жасачу (Абдукаримов). 2. Жалпы эле башка кийилүүчү жеңил баш кийим, шляпа. Магазиндерге чий калпак, кышкы калпак дегендер көп болгону түзүк («Ала-Тоо»).