Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШТАШТОО – экономикалык жана социалдык кызыкчылыгын коргоо максатында, жумушчулар тобунун өз эрки менен толук же жарым-жартылай иш токтотуусу (жумушка чыкпай коюу, эмгек милдетин аткарбашы). Келишүү комиссиясынын сунушу четке кагылгандан кийин, эгер тараптар ортомчуга же сотко кайрылса, ортомчунун сунушу четке кагылгандан кийин, же сот чечими тараптардын сөзсүз аткаруусун милдеттендиргенден башка, анын чечими менен макул болбогон учурда И. жүргүзүлөт. КР жарандарына КР Конституциясында И-го укук берилген.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШТАШТООГО УКУК – демократиялык мамлекеттерде адамдын конституциялык эмгектик (кеңири алганда – экономикалык) укуктарынын бири. Жекече жана жамааттык эмгек талаштарына кыйла кенен укуктун бөлүгү болуп эсептелет. «Социалисттик» өлкөлөрдүн конституцияларында эч качан таанылган эмес. И. т. у. учурдагы мыйзамдардын деңгээлинен тартып, конституциянын тексттеринде да бир кыйла чектөөлөр менен тастыкталат. Эреже катары, И. т. у-тан аскер кызматкерлери, укук коргоо органдарынын жана турмуш-тиричиликти камсыз кылуу кызматтарынын кызматкерлери, кээде баардык мамлекеттик кызматкерлер ажыратылган. И. т. у-ту жүзөгө ашыруу үчүн өзгөчө каражат катары, мыйзамда эреже катары, кыйла татаал жолжоболор каралган. КР Конституциясында И. т. у. башка эмгек укуктары менен бирге бекемделген.