Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШ-МИЛДЕТ УБАКТЫЛУУ ТАПШЫРЫЛГАН ӨКҮЛ – дипломатиялык өкүлчүлүк башчысынын милдетин убактылуу аткарган адам. Эгер өкүлчүлүк башчысынын кызмат орду бош болсо же ал өз иш-милдетин аткарууга мүмкүн болбогон учурда дайындалат. И-м. у. т. ө. айрым протоколдук сый-урматтардан башка дипломатиялык өкүлчүлүктүн баардык укуктары менен артыкчылыктарынан пайдалана алат.