Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Ыйламсыроо» маанисиндеги жашоору сөзү жаш+оору бөлүктөрүнөн куралган. Анын жаш уңгусу — «көздүн жашы» маанисиндеги сөз. Ошол сөзгө этиш жасоочу -оору мүчөсү жалганып, жашоору сөзү келип чыккан. «Көзүнө жаш алып сурануу, арыз-муңун айтуу» маанисиндеги сөз өзүнүн келип чыгышына туура келет. Анткени жашооруган киши чынында эле көзүнө жаш алып жиберет. Кыргыз тилиндеги жалоору, жалдыра, жалын, жалбар деген этиштердеги жал уңгусу л тыбышы менен айтылган жаш сөзүнөн келип чыгат. Байыркы кезде жаш сөзү жал түрүндө да айтылган. Ошол кезде жогорку этиштер жасалган.