Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛДООГО БЕРҮҮЧҮ – 1) башка тарапка (жалдоочуга) акы төлөп жашоо үчүн (ээлик кылууга жана пайдаланууга) туракжайды жалдоого берүү келишиминин бир тарабы (туракжайдын менчик ээси же андан башкаруу укугун алган жак); 2) «ижарага берүүчү» деген түшүнүктүн түгөйлөшү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛДООЧУ – 1) анда акысын төлөп (ээлеп туруу жана пайдалануу) жашоо үчүн башка тараптан (жалдоого берүүчүдөн) туракжайды жалдоо келишиминин бир тарабы; 2) «ижарачы» түшүнүгүнүн түгөйлөшү; 3) мыйзам тарабынан жумушчулар менен эмгек келишимин түзүү жана токтотуу укугу берилген юридикалык же болбосо жеке жак.