1. сознание; ум; помыслы;
далайлардын дээринде бар (об этом) многие помышляют;
дээринде жок болгондон кийин айткан менен пайдасыз раз у него от рождения нет ума, то сколько ни говори, толку не будет;
2. способность;
дээри жок, кантип окуйт? как он будет учиться, ведь у него нет способностей?
зат. Акыл, эс, зээн. Дээринде бар адамга сөз жок экен («Ата-Тоо»). Дээринде бар бала. Деги дээринде бар аял экен, чөп чапканды бат эле үйрөнүп алды (Баялинов).
Акыл, эс, зээн, акыл жөндөмдүүлүгү. Дээринде бар азаматтар бармактайынан сергек жана ышкылуу болуп, укканын жаза кетирбейт. (Каимов). Көкүрөгү тунук, дээринде бар балдар (Сыдыкбеков).
сын. Акыл-эстүү, зээндүү.
Тегинде начар, ар жагында эч нерсеси жок, табиятынан шык, жөндөмдөн куржалак. Дээринде жок болгондон кийин айткан менен пайдасыз.
Тегинде начар, ар жагында эч нерсеси жок. Дээринде жок болгондон кийин айткан менен пайдасыз.
1. почти, можно сказать;
жок дээрлик можно сказать, что нет (так мало);
толук дээрлик камсыз можно сказать, что полностью обеспечено;
2. в должной степени; значительно;
бул жумуш дээрлик даражада жолго коюлбай жатат это дело в должной степени не налажено;
сабактарынан жетишпөөчүлөрдүн саны дээрлик азайды число неуспевающих (учеников) значительно уменьшилось.
сын. 1. Деп айтарлык, деп айтышка болорлук. Отряддагылар бүт дээрлик топтолуп калыптыр (Таштемиров). Төл чыгашага учураган эмес дээрлик.
2. Ар дайым, такай. Дээрлик болуп туруучу окуялар. Дээрлик келип-кетип туруу.
1. Деп айтарлык, деп айтышка болорлук. Кулбашты кыштактагылардын бардыгы дээрлик урматташчу (Абдукаримов). 2. Ар дайым, такай, дамаамат, толук деп айтарлык, бир аз жете бербеген өлчөмдө. Дээрлик болуп туруучу окуялар. Керим сабакка дээрлик үзбөй катышты. Жүзүмдөр өтө чоң болуп кеткендиктен, короонун ичин дээрлик каптап турат (Жантөшев).