ир.
враг;
душманың суу берсе, досуңдай көр погов. если враг твой даст (тебе) воды, почти его за друга;
кырчылдашкан душман см. кырчылдаш-;
тиш кайрашкан душман см. кайраш-.
зат. Кастык мамиледеги адам, жоо. Эски мите, эл душманын жоёлук (Аалы). Душмандын сыртында болгончо, ичинде бол (макал).
душман, душманга
душман колдуу болуу
душман көзүнө көрүнө
Кастык мамиледеги адам, касташкан тарап, жоо. Согуш отун тутанткан, Душманга жетсин убалым (Сасыкбаев). Эгер мен сенин досуң эмес душманың болсом, ушу жерден сени моминтип түртүп жиберер элем (Байтемиров). Этекти кессең тон болбойт, Эзелки душман эл болбойт (Калыгул).
этиш. Касташуу, жоолашуу.
становиться во враждебные отношения друг с другом; враждовать;
душмандашкан киши оңбойт фольк. враждующие люди добром не кончают; вражда не доводит до добра.
Касташуу, жоолашуу, бири-бири менен кас болуу, бири-бирине карата жамандык иштерди жүргүзүү. Душмандашып жүргөнчө, Аныктап көөнү агарсын («Курманбек»).
душмандаш этишинин аркылуу мамилеси.
душмандаш этишинин кыймыл атоочу.
душмандаш этишинин кыймыл атоочу. Бирөө менен жакындашуу, душмандашуу Даниярга жат өңдүү (Айтматов).
зат. Кастык, душман болгондук. Душмандык кылдың далайга («Манас»).
animositu эни’мосити;
hostility хос’тилити
душмандык-, душмандыгы, душмандыкка
Кастык, жоо болгондук, зыян келтирүү жагына, жамандыкка алып баруучу аракеттер. Душмандык кылдың далайга («Манас»).
Бирөөнүн чырагына май тамызуу, ишинин оңолушуна, алга жылышына, максатына жетишине жардам берүү.
к.
КИШИ КОЛДУУ БОЛУУ
Жөнөкөй кишилер эмес, кадимки даңазалуу баатырлар да капилет басканда душман колдуу болушкан (Абдукаимов). Ал душман колдуу болуп, майып кылынышы айдан ачык («Ала-Тоо»).
к.
ЭЛ КӨЗҮНӨ
Душман көзүнө ошондой кыла туруш керек деди («Ала-Тоо»).
чувство враждебности, вражды.
душманчылык, душманчылыгы, душманчылыкка
сүйл. Душмандык. Душманчылык менен болгон иш.