Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Атайлап жасалган кырлуу столдо шарларды жыгач таяк (кий) аркылуу бир-бирине уруштуруп, тийиштүү эрежеге баш ийип ойнолуучу оюн. Бир партиядан бильярд ойнодук. // Ушул оюнду ойной турган, төрт жак бурчунда шар түшүүчү, сеткалуу чуңкуру бар, борттуу стол. Жай күндөрүндө бильярд турган бул бөлмө үйдөгүлөрдүн баарынын көңүлүн бурбай койчу эмес («Жаш ленинчи»).