Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Айнектен, калайдан жасалган цилиндр формасындагы идиш. Бир банка консерва.
2. мед. Суук тийгенде эт менен теринин арасындагы желди кетирүү үчүн ошол жерге кичине стакандар менен коюлган оңко, картык.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
банка I
ж.
1. банка (азык сакталуучу идиш);
банка мёду бир банка бал;
консервная банка консерва банкасы;
2. мед. банка, оңко, картык (кан сордуруучу стаканча, оңко);
ставить банки банка коюу.
банка II
ж. мор.
(отмель) банка (суу жашырып турган тайыздык).