этиш. Ичи эзиле жакшы көрүү; мээримдүү мамиле кылуу. Элжиресин эт жүрөк, Бийик чыгар добушту (Үмөталиев). Айдай эс тартканы атасы мынчалык элжиреп сүйгөн эмес (Каимов).
млеть, умиляться; смягчаться (о сердце);
кандайчадыр боор ачып, элжиреген мүнөз менен катты Анарханга берди он отдал письмо Анархан, как-то жалея её, умилённый ею;
мага элжиресе жүрөгү, менин элимди чаппайт эле го если бы его сердце было расположено ко мне, то он не громил бы моё племя;
балдарга ичи элжирейт его умиляют дети.
Ичи эзиле жакшы көрүү; мээримдүү мамиле кылуу. Элжиресин эт жүрөк, Бийик чыгар добушту (Үмөталиев). Катуу мүнөз карыя эмнегедир ушул кичүү уул небересин ичи элжиреп бөтөнчө жакшы көрөт.
понуд. от элжире-;
эт жүрөктү элжиретип вызывая искреннее сочувствие и жалость; вызывая сострадание;
эт жүрөгүн элжиретип, көзүн жашка жуугузуп кетти он ушёл с жалостью в сердце и со слезами на глазах;
эт жүрөктү элжиретип, сени кандай сүйсөм, Алымды да ошондой сүйөрүмдү билесиң ты знаешь, что я, сострадая, люблю Алыма так же, как и тебя;
кыздын жылаажын үндүү жумшак күлкүсү жигиттин жазыксыз жүрөгүн ансайын элжиретет нежный смех девушки, подобный колокольчику (см. жылаажын), чистое сердце парня умиляет ещё больше.
элжире этишинин аркылуу мамилеси.
элжире этишинин кош мамилеси.