Киргизско-русский словарь Юдахина
(ср. куш I, илбээсин)
всякого рода мелкая птица, пташка;
чымчык өзүн куш ойлойт погов. пташка мнит себя ловчей птицей;
ала моюн чымчык название птицы (букв. белошеяя птица);
албаган куштан ала моюн чымчык артык погов. ала моюн лучше, чем ловчая, которая не ловит;
башайы чымчык щегол;
турумтай көргөн чымчыктай селт этишип, бүткөн бойлору чымырашты они вздрогнули, будто пташки, увидевшие кобчика, и по телу их побежали мурашки;
чымчыктай малюсенький;
чымчыктай кезде айрылган, чырагым, аман келдиңби? фольк. благополучно ли ты, расставшийся малюсеньким, прибыл?

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Таранчы; жалпы эле чоңдугу таранчы сыяктуу болгон куштар, майда куштар. Албаган куштан, ала моюн чымчык артык (макал).
Жылкычы чымчык—эрте жазда келүүчү ала чымчык. А дегенде келгин куштардын кабарчысындай болуп жылкычы чымчык жетип келчү (Каимов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бардык эле майда канаттуу куштарды билдире турган чымчык сөзү татарча чыпчык, турция тилинде шыпшык болуп айтылат. Болжолу, бул сөз алпачкы чыйп-чыйп деген үнүн туураган сөз бол-гон. Кийин тыбыштары өзгөрүп, чыпчып>чыпчык> чымчык болуп калышы мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Таранчы; жалпы эле чоңдугу таранчы сыяктуу болгон куштар, майда куштар. Албаган куштан, ала моюн чымчык артык (макал). Чымчык семирип, батманга толбойт (макал). Чыңгызды билчүбүз дешип, чымчыктар дагы ыйлады (Бакиров).