ср.
көчүү, көчүрүү, өтүү, өткөрүү, которуу, которуштуруу, ооштуруу, оошуу, орун которуштуруу (бир жерден экинчи жерге же бир кызматтан жинчи кызматка);
перемещение по службе бир кызматтан экинчисине өтүү;
перемещение пластов земной коры жер кыртышынын катмарларынын которулушу.
орун которуу, көчүрүү, ооштуруу
КР БАЖЫ ЧЕГАРАСЫ АРКЫЛУУ ЖЫЛЫП ЖҮРҮҮ – баардык ыкмада, анын ичинде эларалык почта жөнөтүмү аркылуу жиберүүнү, өткөргүч түтүк унаасы менен электр өткөргүч тилкесин пайдалануу менен, товарларды жана/же КР бажы аймагына ташып кирүү же ал аймактан ташып чыгуу боюнча иш-аракеттерди жасоо. Андай иш-аракеттерге төмөнкүлөр кирет: а) товарлар жана/же унаа каражаттары менен бажы чегарасын иш жүзүндө басып өтүү жана да товарлар жана/же унаа каражаттары менен аларды бажы органдарынын койо бергенге чейинки КР бажы мыйзамдарында каралган кийинки иш-аракеттер; б) бажы жарнагын берүү же товарды жана/же унаа каражаттарын алып чыгуу аракетин жасоого түздөнтүз багытталган дагы башка иш-аракеттер. Товарларды жана/же унаа каражаттарын КР бажы аймагы аркылуу алып чыгып кетүү аракетине багытталган иш-аракеттерге төмөнкүлөр кирет: а) КРден чыгып кетүүчү жеке жактардын бажы көзөмөлүнүн тилкесине кирип-чыгуусу; КР бажы аймагынан чыгып кетүү максатында КР мамлекеттик чегарасынын өткөрүү жайынан унаа каражаттарынын өтүшү; б) КР бажы аймагынан сырткары жөнөтүү үчүн унаа каражат уюмдарына товарларды, же болбосо, почта байланыш уюмдарына эларалык почта жөнөтүмдөрүн өткөрүп берүү.
бажы чек арасы аркылуу товарларды же/жана унаа каражаттарын өткөрүү