обязательство;
алынгак- милдеттенмелер принятые на себя обязательства;
биз алган милдеттенмелерибизди ашыра орундатабыз взятые на себя обязательства мы перевыполним;
милдеттенмелерин орундашты они свои обязательства выполнили.
зат. Сөзсүз аткаруу милдетин алган убада, сөзсүз аткарууга убада кылынган милдет. Коммунисттер менен комсомолецтер.. социалисттик мелдешке катышып, жогорку милдеттенмелерди алышты («Коммунист»).
engagement ин’гэйжмэнт;
obligation обли’гэйшн
МИЛДЕТТЕНМЕ – ага ылайык, бир адам (карызкор) экинчи адамдын (кредитордун) пайдасына кандайдыр бир аракеттерди жасоого: мүлк берүүгө, жумуш аткарууга, акча төлөөгө, болбосо кандайдыр бир аракетерден баштартууга милдеттүү, ал эми кредитор карыздардан өзүнүн милдеттин аткарууну талап кылууга укуктуу болгон укук мамилелери. М. келишимдерден, зыян келтирүүдөн, КР жарандык мыйзамдарында каралган башка негиздерден келип чыгат. М. ага тарап катары катышпаган адамдарга (үчүнчү адамдар үчүн) милдеттенме такпайт. Үчүнчү адамдар үчүн М. анын бир же эки тарабына карата мыйзамда, башка укук актыларында же тараптардын келишимдеринде каралаган шарттарда гана укук мамилелерин жаратуусу мүмкүн.
Сөзсүз аткаруу милдетин алган убада, сөзсүз аткарууга убада кылынган милдет.
МИЛДЕТТЕНМЕЛИК УКУК – 1) милдеттенмелерди жөнгө салуучу жарандык-укуктук ченемдердин жыйындысы; жалпы жана өзгөчө бөлүктөрдөн турат. Жалпы бөлүк милдеттенме түшүнүгүн жана анын тараптарын, милдеттенмени камсыз кылуунун ченемдерин ж. б. аныктоодон турат. Өзгөчө бөлүк милдеттенмелердин айрым түрлөрүн жөнгө салат; 2) (субъективдүү мааниде) мүлктүк укуктардын бири; бир адамдын (кредитордун) экинчи адамдан (карызкордон) мүлктүк мүнөздөгү иш-аракеттерди ишке ашырууну, болбосо алардан баштартууну талап кылуу укугу.
МИЛДЕТТЕНМЕНИ АТКАРУУ – карыз берүүчү менен карызкордун укук менен милдеттерин камтуучу төмөнкү аракеттерди жасоосунан турат: буюмду берүү, акча төлөө, жумуш аткаруу ж. б. у. с. Жарандык укуктун жалпы принциптери боюнча, укук милдеттенмелери мыйзам, дагы башка укук актыларынын шарттары менен талаптарына ылайык аткарылууга тийиш, ал эми мындай шарттар менен талаптар жок болгон учурда – иш каадаларына же адаттагыдай талаптарга ылайык жүргүзүлөт.