Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (напр. на маскараде) маска (таанылбас үчүн бетке кийме кеп);
2. (гипсовый слепок) кеп (кишинин, көбүнчө өлгөн кишинин, бетинин гипстен жасалган кеби);
3. (противогаза) маска (зыяндуу газдан коргоо үчүн башка кийилүүчү маска);
4. перен. маска, парда, чүмбөт (кубулуп жүрүү; алдамчылык менен өзүн жашырып жүрүү);
сбросить с себя маску өз бетиндеги масканы таштоо; анткордонууну четке коюп, ачыктан-ачык аракет кыла баштоо (жашырып-жаап жүргөн жаман оюн, аракетин ишке ачык ашыруу);
сорвать с кого-л. маску бирөөнүн бетин ачуу, бирөөнүн айыбын ачуу;
под маской друга дос болумуш болуп.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. ар түрдүү максат менен бетин жаап, тартынып алуу үчүн атайын ылайыкталып жасалган кеп, Бетке кийүү. Күүгүм айнек маскаларын кийинишип, Эки киши иштеп жатат темирди (Токомбаев). 2. өт. Жасалма ырай, жасалмалуулук. Бул жөн гана анын маскасы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Уят абал, уятка калгандык, айыбы ачылгандык. Маскара болот эмеспи убададан тайыган (Жантөшев).
2. Уяты чыккан кишиге карата же тилдөө иретинде колдонулуучу сөз. — И-ий маскара!деди Батыш, Чегирткенин маданиятсыз жоруктарын сүрөттөп (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Уят абал, уятка калгандык, айыбы ачылгандык. Маскара болот эмеспи убададан тайыган (Жантөшев). 2. Уяты чыккан кишиге карата же тилдөө иретинде колдонулуучу сөз. – И-ий маскара! – деди Батыш, Чегирткенин маданиятсыз жоруктарын сүрөттөп (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Цирктин элди күлдүрүп, куудулдануучу артисти. Бетине кызыл боёкту жаап, мурдунун үстүнө кепил койгон үксөйгөн чачтуу маскарапоз куудулданып сүйлөп жатат (Бейшеналиев).
2. өт. Кебетеси же кандайдыр бир кылык-жоругу менен күлкү келтирерлик, шылдың болорлук абалда калган киши.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Цирктин элди күлдүрүп, куудулдануучу артисти. Бетине кызыл боёкту жаап, мурдунун үстүнө кепил койгон үксөйгөн чачтуу маскарапоз куудулданып сүйлөп жатат (Бейшеналиев). 2. өт. Кебетеси же кандайдыр бир кылык жоругу менен күлкү келтирерлик, шылдың болорлук абалда калган киши.