Маалыматташтыруу
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МААЛЫМАТТАШТЫРУУ – маалымат ресурстарын, маалымат технологияларын иштеп чыгуу, түзүү, өздөштүрүү жана пайдалануу; коомдук жашоонун баардык чөйрөлөрүндө маалымат ресурстарын калыптандыруу жана пайдалануу жолу менен айрым жарандардын, алардын бирикмелеринин, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын, бүтүндөй жалпы коомдун маалыматтык керектөөлөрүн камсыз кылууга багытталган ишмердикти уюштуруу, илимий-техникалык, социалдык, өндүрүштүк-экономикалык компоненттерин жана жыйынтыктарын камтыган жүрүм.