1. обязательный, вменённый в обязанность; милдеттүү токтом обязательное постановление; милдеттүү түрдөгү аскер кызматы обязательная воинская повинность, обязательная военная служба; 2. обязанный; милдеттүү конок см.конок I 1.
сын.1. Сөзсүз аткарылуучу милдет болуп жүктөлгөн, милдеттендирилген. Милдеттүү токтом. Милдеттүү окуу. 2. Бирөөнүн же бир нерсенин аркасы менен жетишкендиги үчүн милдеткер. Биз милдеттүү улуу оруска түбөлүк, Эрк жалыны алар жокто күйбөдү (Аалы).
1. Сөзсүз аткарылуучу, милдет болуп жүктөлгөн, милдеттендирилген. Милдеттүү токтом. Милдеттүү окуу. 2. Бирөөнүн же бир нерсенин аркасы менен жетишкендиги үчүн милдеткер. Ата-эненин алдында бала дайыма сый-урматынан жазбоого милдеттүү.
МИЛДЕТТҮҮ АКЫСЫЗ НУСКАЛАР – КР аймагында жана андан сырткары, КР аймагында коомдук таркатуу үчүн ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана жеке адамдардын буюртмасы боюнча чыгарылган, алардын өндүрүүчүлөрү тийиштүү мекемелерге жана уюмдарга, тийиштүү тартипте жана санда акысыз берүүсүнө жаткан, республикалык жана жергиликтүү мүнөздөгү аркыл документтердин нускалары. М. а. н. катарына документтердин төмөнкү түрлөрү кирет: өзүнчө редакциялык-басмалык иштеп чыгуудан өткөн, басмаканалык жактан өзалдынча жасалгаланган, чыгаруу маалыматтарына ээ басмакана өндүрүмдөрү – (тексттик, ноталык, картографиялык, сүрөт) басылмалар; сокурлар үчүн – Брайлдын тутуму боюнча томпок-чекиттүү тамгалар менен даярдалган басылмалар жана «сүйлөөчү китептер»; ырасмий документтер – мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик органдарынын атынан басылып чыгарылган, мыйзам чыгаруучу, ченемдик, директивалык же маалыматтык мүнөздөгү басма чыгармалыры; аудиовизуалдык продукциялар – кино-, көрмө-, фото-, жана фонодокументтер; электрондук басылмалар, анын ичинде ЭЭМ үчүн программаларды камтыган жана маалымат базалары же ЭЭМ программалары жана маалымат базалары; жарыяланбаган документтер – илимий-изилдөө жана тажырыйбалык – долбоорлоо ишмердиктеринин натыйжалары (диссертациялар, илимий–изилдөө жана тажырыйбалык-долбоорлоо иштеринин отчеттору, убактылуу токтотулган илимий иштер, алгоритмдер жана программалар).
МИЛДЕТТҮҮ БЕКЕР ЖЕРГИЛИКТҮҮ НУСКА – облустун, шаардын, райондун аймагында даярдалган, алардын өндүрүүчүлөрү тийиштүү мекемелерге жана уюмдарга тийиштүү тартипте жана санда акысыз берүүсүнө жаткан, КР мыйзамдары тарабынан белгиленген аркыл түрдөгү документ нускалары.
Норма обязательных резервных требований (норма ОРТ) (Standard of required reserves) —Отношение суммы обязательных денежных резервов, которые коммерческие банки обязаны хранить в центральном банке, к общему объему обязательств коммерческого банка (или к сумме денежных средств, привлеченных банком). Норма обязательных резервов устанавливается центральным банком и определяет величину гарантийного фонда коммерческого банка, обеспечивающего надежное выполнение его обязательств перед клиентами. Одновременно такая норма используется центральным банком как инструмент регулирования объема денежных агрегатов, банковского кредита и спроса на ликвидность.
МИЛДЕТТҮҮ КАМСЫЗДАНДЫРУУ – бул же тигил бул объекттерди камсыздандыруу менен коргоо айрым бир гана камсыздануучулардын кызыкчылыктары менен эмес, ошондой эле бүткүл коомчулук менен байланышкан мамлекеттик камсыздыандыруунун түрү. Милдеттүү камсыздандыруу: камсыздандырууга жаткан объектердин тизмеси; камсыздандыруу жоопкерчилигинин өлчөмү; камсыздандырууга катышып жаткан тараптардын негизги укуктары жана милдеттери, камсыздандырууну камсыз кылуунун деңгээли (ченемдери); камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтерин аныктоонун тартиптери жана башка айрым маселелер каралган тийиштүү мыйзам актыларынын негизинде жүргүзүлөт.
1. Ашка, тойго алыстан чакырылып келип, аш же той ээсинин туугандары, жакындары күтүп алууга тийиш болгон конок. Милдеттүү коноктуку оңой эмес, уят болбогудай болгула («Ала-Тоо»). 2. тар. Бий, бектер. – Апбаракелде, Куке, милдеттүү конок турбайсыңарбы? (Абакиров).
МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ – бул КР саламаттыкты сактоо тармагындагы жарандардын укуктарын камсыз кылууга багытталган социалдык коргоонун мамлекеттик түрү. Эмгек келишимдеринин негизинде эмгек мамилелеринде турган жарандар; пенсионерлер; калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик органдарында катталган жумушсуздар; эгер алар М. м. к. үлүштүк салымдарын төлөп жүрүшкөн болсо, КР башка шарттарда (жеке ишкерлер, өз иштери менен алектер, жеке практикалоочулар, чыгармачыл кызматкерлер) эмгек ишмердигин жүзөгө ашырып жатышкан жарандары;социалдык жөлөкпул алып жүрүшкөн адамдар, аскер кызматкерлери жана аларга теңелген адамдар; 16 жашка чейинки балдар (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары – алар окуусун аяктаганча, бирок 18 жаштан жогору эмес куракка жеткенче); башталгыч кесипчилик окуу жайларынын окуучулары, алар 21 жашка чыкканча орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери (сырттан жана кечкисин окуучу бөлүмдөрдө окугандардан башкалары); КР аймагында убактылуу же туруктуу жашап турушкан чет өлкөлүк жарандар; КР аймагында туруктуу жашап турушкан жарандыгы жок адамдар; жарандардын дагы башка катмарлары М. м. к. жатат. М. м. к. тутумуна камтылбаган адамдар медициналык, алдыналуу, калыбына келтирүү жана денсоолукту чыңдоо кызматтарын өзалдынча төлөшөт.
МИЛДЕТТҮҮ ТӨЛӨМДӨР – мыйзамда аныкталган шарттарда жана тартипте тийиштүү деңгээлдердеги бюджетке, бюджеттен сырткаркы фонддорго төлөнүүчү салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү мүчөлүк акылар.
МИЛДЕТТҮҮ ТӨЛӨНМӨ НУСКА – алардын өндүрүүчүлөрү тийиштүү мекемелерге жана уюмдарга, тийиштүү тартипте жана санда акысына берүүсү тийиш болгон аркыл документтердин нускалары. Милдеттүү төлөнмө нускалардын ичине өзүнчө редакциялык–басмалык иштеп чыгуудан өткөн, басмаканалык жактан өзалдынча жасалгаланган, чыгаруу маалыматтарына ээ басмакана продукциялары – басылмалар (тексттик, ноталык, картографиялык, сүрөт); ырасмий документтер – мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик органдарынын атынан басылып чыгарылган жана башкалар.
МИЛДЕТТҮҮ ҮЛҮШ – мүлктөрдүн керээз буйуртмасына карабастан, белгилүү мурастоочуларга өтүүчү бөлүгү. Ушундай укукка ээ мураскер кандайдыр бир негиз боюнча мураска алуучулардын баары, анын ичинде демейки үй тиричилигинде пайдалануучу буюмдардын баасы жана андай мураскердин пайдасына белгиленген керээздөөдөн баш тартуунун баасы дагы М. ү-кө эсептелет. Керээзде мураста милдеттүү үлүшкө укугу бар мураскер үчүн белгиленген кандай гана чектөөлөр жана оорчулуктар болбосун, ага өтүүчү мурастын М. ү-үнөн ашкан бөлүктөрүнө карата гана жарактуу.
МИЛДЕТТҮҮ ҮЛҮШТҮК МҮЧӨЛҮК ТӨГҮМ – милдеттүү түрдө төгүлүүчү жана кооператив же башка уюмдун иш-аракетине катышууга, кооператив же жана башка уюмдун уставында каралган кызматтар менен жеңилдиктерден пайдаланууга, тийиштүү жамаатык төлөмдөрдү алууга укук бере турган үлүштүк мүчө төгүмү.
МИЛДЕТТҮҮ ЮРИСДИКЦИЯ – эларалык келишим катышуучуларынын ортосунда баардык же кээбир гана маселелер боюнча келип чыккан талаш-тартыштарды келишиминде аныкталган эларалык сот же арбитраждык органдардын кароосуна коюу тууралуу алар тарабынан ыктыярдуу кабыл алынган милдеттенме.