көйнөк-көнчөк
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыМындагы «көнчөк» сөзү кыргыз тилинде азыр «көйнөк» маанисинде өз алдынча колдонулбайт. Бул сөз айрым түрк тилдеринде «ыштан, шым» маанисинде колдонулгандыктан, бул сөздү көн «тери» дегенге –чек мүчөсүнүн жалганышынан улам (көн+чек= көнчөк «тери шым») келип чыккан деп божомолдошот. Ал эми башкалар бул сөздүн тегин «төш, көкүрөк» маанисиндеги байыркы «көӊ» деген сөз менен байланыштырышат (ЭСТЯ 1997:105). Бирок муну «чака» маанисиндеги «көнөк-көнчөк» менен чаташтырууга болбойт, анткени мындагы «көнчөк» - көнөчөктүн («териден жасалган кичинекей чака») кыскарган формасы.
Мындан тышкары, көнчөк сөзүнүн башка маанилери да бар: «көнчөк 1. мочка уха; эки кулагынын көнчөгүнөн илинген кичинекей иймек маленькие серьги, вдетые в мочки ушей; 2. подгрудок (быка, коровы); 3. этн. металлический подвесок на приплетённой косе (см. чачпак; к этой косе женщины привязызали напёрстки, ключи и т. п.)// жалаң алтын баары ачкыч, көнчөгүнө тактырып фольк. велев ей нацепить на көнчөк ключи, все золотистые (и тем украсить её); көнчөгүндө он башка оймок жүргөн экен го на её көнчөк'е было десять разных напёрстков; 4. южн. то же, что мончок; көкүрөгүң, көнчөгүң, көкөйдү кескен фольк. твои бусы на груди (и) твои груди извели (меня); 5. южн. тюбетейка, отделанная бисером, блёстками (головной убор невесты); 6. тяньш. один из видов сөйкө (см. сөйкө I); 7. верхняя узкая часть дверного полотнища юрты» (Юдахин 1965).