Энциклопедия "Манас". ч.1.
КУБАН — эпизоддук кейипкер. Манас менен болгон согуштун алдында Орго кан колуна кайрылганда баатыр-балбандарынын ичинде К-ды да айтат (Сагымбай Орозбаков, 2. 80).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кубан-
радовать, вызывать радостное настроение;
жан кубантып салуучу ак шумкары бар эле фольк. у него был белый кречет, который радовал душу;
мени канааттандырып кубанткан эмес меня (это) не удовлетворило и не обрадовало.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(при личных притяж. аффиксах ы часто выпадает)
радость;
кубанчы его радость;
кубанчым моя радость;
кубанычым койиума (или бойго) батпай (или маңдайыма сыйбай) (я) вне себя от радости.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Сүйүнүч, көңүлү көтөрүлүп шаттангандык. [Адылдын келиши] Анархан менен Дарыяхан үчүн эбегейсиз кубаныч болду (Жантөшев). Жаш баланын кубанычы да, капаланышы да жайкы күндүн жаап ачылышындай бир иш эмеспи (Жантөшев).
¨ Кубанычы койнуна батпоо — абдан сүйүнүү, аябай кубануу. Жолдош командир,деди кубанычы койнуна батпай чаап келген Темир (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кубануу сезими, сүйүнүп, көңүлү көтөрүлүп шаттангандык. Адылдын келиши Анархан менен Дарыяхан үчүн эбегейсиз кубаныч болду (Жантөшев). Мамбеткул Ашым алып келген жаңылыкты кубаныч менен укту (Каимов). Мени кубанычка бөлөгөнү акчанын калдыраганы эле (Усубалиев). Айтматов бар Аалам толук көрүнчү, Ар аткан таң Кубаныч деп сөгүлчү (Акматалиев). 2. Жакшы көргөндүгүн, кубануу сезимин, мээримин билдирүү иретинде балага карата колдонулат. Жок эле менден башка кубанычы, Кайгырса жүрөгүнө медер кылар (Абдыраманов). Оо, менин кубанычым, аман-эсен келдиңби, садага! («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кубанычы бар, көңүлү шат, сүйүнүчтүү. Урумкан эне чоң жумуш аткарганына кубанычтуу (Бейшеналиев). Үйдө отургандардын бардыгы кубанычтуу эле (Жантөшев). Керкибай үйүнө өтө кубанычтуу кайтты (Каимов). Эл арасы кубанычтуу күүлдөй түшүштү (Жантөшев). 2. Кубандырган, сүйүндүргөн, кубанууга себепкер болгон, кубандыра турган. Турдубек кубанычтуу кабарды билдирип, кызылдардын жайын айтты (Жантөшев). Айтып кармат шертиңди, Кубанычтуу кеп менен («Олжобай менен Кишимжан»). 3. Кубанычка баткан, кубангандыгын, сүйүнүп жатканын билдирген. Ражабдын кубанычтуу үнү угулду (Абдукаримов). Алардын арасында жандуу кыймыл, кубанычтуу күлкүлөр пайда болду (Жантөшев). Жаштар арасына кубанычтуу кыймыл, шыңкылдашкан шыбыр-күбүр пайда болду (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай сүйүнүү, катуу кубануу, өтө кубанычта болуу. Чолпондун иши оңунда болгонго кубанычы койнуна батпай, жүрөгү элеп-желеп (Байтемиров). Кубанычы койнуна батпай, ар кайсы жерге бир тийип жүгүрүп жүрөт («Чалкан»). Зууранын кубанычы койнуна батпай келинине жалбарып, бетинен өпкүлөйт (Сыдыкбеков). В.: Кубанычы койнуна сыйбоо. Кубанычым койнума сыйбайт, азыркы таалайлуу заманыбызга ыраазымын («Ала-Тоо»). Жапардын кубанычы койнуна сыйганы жок (Баялинов). Кубанычы койнуна толуу. – Кубанычы койнуна толгон Мукаштын жүрөгү дикилдеп аптыгат (Эсенканов). Нурматтын көңүлү көтөрүлүп, кубанычы койнуна толду (Жантөшев). Кубанычы маңдайына батпоо. Кубанычы маңдайына батпай, сыймыктанып келе жатыптыр (Айтматов). Кубанычы жерге батпоо. Кубанычы жерге батпай жүрөк толкуйт, Андыктан келген элем сүйүнчүлөп (Байтемиров). Кубанычы ичине сыйбоо. – Кубанычы ичине сыйбаган абышка өзүнчө күбүрөп, тизгин какты (Жапаров). Кубанычы ичине батпоо. Кубанычтары ичине батпаган балдар арабага толушуптур (Осмоналиев). Кубанычы денесине сыйбоо. Тоголок Молдо күдүңдөп, кубаттанып, кубанычы денесине сыйбай, сүрдүү жооптуулукту сезгендей көрүнүүдө (Бейшеналиев). Сүйүнүчү койнуна батпоо. Сүйүнүчү койнуна батпаган Оросул начальник кеткенден кийин бажаңдап ар нерсени сүйлөдү (Осмоналиев). Кубанычы көөдөнүнө батпоо. Тууган жер көз алдыга келет, Кубанычым көөдөнүмө батпайт (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аябай сүйүнүү, катуу кубануу, өтө кубанычта болуу. Кубанычы койнуна батпай, ар кайсы жерге бир тийип жүгүрүп жүрөт («Чалкан»). Зууранын кубанычы койнуна батпай келинине жалбарып, бетинен өпкулөйт (Сыдыкбеков).