Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЕМЕН — эпизоддук кейипкер. Даңгүлү (Дөңгө) калаасын башкарган калмак каны. Манаска каршы согушмак болгон Текес кан менен Орго кандын тарабында болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 22, 73, 153).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Акылман, даанышман, жол башчы, жетекчи. Өмүрлүк жашайт жүрөктө, Өлкөнүн уулу кеменгер (Нуркамал). Калыгул бай уулу акылман, кеменгер адам болгон («Ала-Тоо»). Алмамбет, Чубак эгиз эр, Калың кыргыз журтуна, Кайраты ашык кеменгер («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
сев.
то же, что кементай;
кепин кийгенден түңүл, кеменек кийгенден түңүлбө погов. на того, кто надел саван, оставь надежду, от того, кто надел кементай (т.е. от бедного), не отвращайся.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕМЕНИ АГЕНТТЕШТИРҮҮ – кеме ээси же кеме жалдоочу болуп саналган принципал (бүтүмкер) менен түзүлгөн келишим боюнча сунуш кылуучунун сунушу менен агенттин суубекеттеги принципалдын кызыкчылыгын коргоо аракетин аткаруусу. Агенттин ал аракети принципалдын атынан жүргүзүлүп, көп маселелерди чечүүгө туура келет: кемени токтоочу жайга жайгаштыруу мөөнөтү менен тартибин тактоо; жүктү жайгаруу; карантин, бажы, чегара талаптарын аткаруу жол-жоболору; тийешелүү документтерди жол-жоболоштуруу ж. б.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕМЕНИН УЛУТТУК ТИЙИШТҮҮЛҮГҮ – кеменин белгилүү бир мамлекеттик юрисдикцияга таандыгы. Кемедеги желекке карата аныкталат. Кеме бир гана мамлекеттин желеги астында сүзүп жүрө алат.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Ак олпогун жамынса, Кийгенине жарашкан, Астындагы Аккула, Мингенине жарашкан» (Жеңижок). (Ак олпок — кементайдын бири. Жоокерчиликте кийилет.) Бул — элдик сырт кийим. Мунун жердиги кийиз болот. Ал орточо калыңдыкта бышырылат. Ар түстөгү кийиздерден чепкендей узун жасалган бул сырт кийим кементайдын учасы менен өңүрүнүн бириктирилген жерлери жана бардык тигиштеринин арасы тон жана ичиктей «милтеленет». Анын жээктери көбүнчө айланта өңдөш кездемелер аркылуу кыюуланат. Мунун кийизинин жүнүн кылдап, ойдогудай бышырып бычат. Андай кементай бышык болот. Суу өткөрбөйт, кийин кирип-тарып кетпейт. Тикесинен койгондо да кадимки ноотудай жыгылбайт. Ак кементайдын жакасы, жең учтары, өңүрү менен этеги карыштай түрдүү түстөгү баркуттар менен кыюуланат.
      Кементай кийинчерээк көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан мындай үлгү болоорлук бөтөнчө түрүн эске тутуу зарыл. Кементайдын ичиктики өңдүү кайырма жакасы болот. Бул кара, көк, көрүң баркуттардан тандалат да, жаканын этегине топчулук, бүчүлүк тагылат. Кийимдин жакасына тегерете көркөм көчөткө «бадам оюмун» келтирип, «илме сайма» аркылуу кызыл жип менен кыялданта берип, анын ортолорун эндей калтырып, четинен ак же сары өң менен жээктеп сайса, түшүрүлүп жаткан көчөт кашкаят. Жеңи да сөөм карыштай баркут менен кыюуланган кементайга жогорудагы көркөм көчөттөр дал өзүндөй кайталанат. Кийимдин өңүрүнүн өзүнчө этегине тегерете кара жиптен «ала мончоктоло» «көбөө» (жээк) түшөт. Аралыгы карыш-сөөмдөй ага жүрөк тушунан, этек үстүнөн карадан «секиртме сайма» менен «суу» берилет.
      Жаштарга ылайыктуу кементайларга кур курчоого да болот. Ал бир, бир жарым эли (2—3 см) колдо чалынган чааралекей ич курга (ычкырга) окшош келет. Анын төрт, алты жеринде ак жүндөн ийрилип, чыйрак чыйратылып, челденип, барпайган «топ чачыктары» төгүлүп турат.
      Кийимдин үч түрү бар. Сөөлөттүүлөр кие турган кементайдын ичи ичтелет. Этек-жеңи адими кездеме аркылуу кыюуланат. Ага бир бүтүм кылып, окшош бөрктүү кыюусу менен ак калпак тигилет.
      Жылкычынын кементайы аттанып-түшүүгө элпек тизе шыйрактарды жабууга, оронуп жатууга этек-жеңи кең, жаан өтпөгөндөй кийизден жасалат.
      Койчулардын кементайынын жылкычылардын кементайынан айырмасы бешмант өңдүү болуп, тоо-таштарда, адыр-белестерде жөө жүрүүгө шартташат. Натыйжада, эл оозунда «Жыргал менен жылкы багат. Кокуй менен кой багат» — деген кеп калат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кийизден жасалган сырт кийим. Кементайын керсейтип («Манас» С. К.). Үстүндө кара баркыт жакалуу ак кементай (Жантөшев). Кайырдын аппак кементайы учкан ак куунун канатындай жайылып, шамал менен кошо калкыды (Токомбаев).