Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДАЛИЛДӨӨ – кылмыш ишин акыйкат чечүү үчүн, жагдайлар тууралуу иш жүзүндөгү далилдерди жыйноо, текшерүү жана баа берүү боюнча сот өндүрүшүнүн башка субъектилеринин катышуусу менен жүргүзүлө турган, алгачтергөө, алдынала тергөө, прокуратура, сот органдарынын ишмердүүлүгү. КР жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык, кылмыш ишин сотто алгачтергөө, алдынала тергөө жана териштирүүгө төмөнкүлөр жатат: а) кылмыш окуясы (убактысы, жери, ыкмасы ж. б. кылмыш жасоо жагдайы жана анын зыянга кириптер кылган кесепети); б) күнөө таризи, кылмыш түрткүсү; зыян келтирүү күнөөсүздүгү; в) күнөөлөнүүчүнүн, соттолуучунун жоопкерчилик мүнөзү жана кылмыш деңгээлине таасир берүүчү жагдайлар; г) күнөөлөнүүчүнүн, соттолуучунун кертбашын мүнөздөөчү жагдайлар; д) кылмыш жасоо мүнөзү жана андан тарткан зыян өлчөмү; е) кылмыш жосунун жокко чыгаруучу жагдайлар; ж) кылмыш-жаза жоопкерчилигинен кутултууга алып келген жагдайлар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДАЛИЛДӨӨ КАРАЖАТТАРЫ – процесстик мыйзамдарда каралган, сотту кызыктырган фактыларды ырастоочу же четке кагуучу айкын маалыматтарды алуунун ык-жолдору. Алар төмөндөгүлөр: тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрү, күбөлөрдүн, жабырлануучулардын көрсөтүүлөрү, жазуу жүзүндөгү жана буюмзат далилдери, эксперттердин корутундулары. Д. к-нын тизмеси КР процесстик мыйзамарында жабык (толук) түрүндө тастыкталган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДАЛИЛДӨӨ МИЛДЕТИ (далилдөө түйшүгү)– кылмыш-жаза же жарандык иштердин өндүрүшүндө процесстин катышуучуларынын ортосунда иштин чечүүсү үчүн маанилүү болгон тигил же бул жагдайлардын болгонун негиздөө милдеттерин бөлүштүрүү. Жарандык процессте Д. м. – тараптар өздөрүнүн талаптарынын жана каяша-каршылыктарынын (м.: доогердин доо талаптарын далилдөө милдети) негизи катары таянышкан жагдайларды далилдөө милдети. Арбир иште далилдөөгө, жаткан фактылардын көлөмү тигил же бул укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдер менен аныкталат. Аркыл келишимдерге байланышкан доолордо бузууларды далилдөө милдети кредиторго, ал эми милдеттерди аткаруу фактыларын бышыктоо – карыздарга жүктөлөт. Кылмыш-жаза процессинде соттолуучунун күнөөсүн далилдөө милдети толугу менен айыптоочу тарапка тагылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДАЛИЛДӨӨ УКУГУ – кылмыш-жаза-процесстик укук ченемдери: а) иш боюнча далил катары кызмат кыларын; б) далилдей турган жагдайлар алкагы; в) далилдөө милдети кимге тагылган; г) далил жыйноо, текшерүү, баа берүү тартиби.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДАЛИЛДӨӨ ЧЕГИ – процесстик укукта Д. ч. сакталгандыгын аныктоо талабы, демек, ал далилдер мыйзамда каралган каражаттар аркылуу алынгандыгын териштирүү. Мыйзамдуу бузуу жолу менен алынган далилдер юридикалык күчкө ээ болбойт.