Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Белгилүү бир уюмдун мүчөсү экендигин аныктоочу документ. Партиялык билет. Профсоюз билети.
2. Бир жерге кирүүгө же бир нерсени пайдаланууга укуктуу экендигин далилдөөчү документ. Чакыруу билети. Театрга кирүү билети.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
билет;
партийный билет партиялык билет;
членский билет мүчөлүк билет;
студенческий билет студенттик билет;
профсоюзный билет профсоюз билети;
пригласительный билет чакыруу билети;
кредитный билет кредит билети (кагаз акча).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БИЛЕТ – 1) белгиленген тариздеги, адатта көрсөтүүчүнүн, өтө сейрек болсо да, аты жазылган, адистешкен уюм тарабынан жол-жоболоштуруу жолу менен жасалган жана анын субъектисинин кызмат ишине байланыштуу Б. эмитент-уюмдун кызматынан пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү документ (м.: жүрүүчү Б. жүргүнчүлөрдү ташуу келишимин түзүүнү күбөлөйт); 2) анда көрсөтүлгөн адамдын белгилүү коомдук уюмга тийиштүүлүгүн аныктоочу документ (мүчөлүк Б., профсоюздук Б., партиялык Б.); 3) анда көрсөтүлгөн адамдын белгилүү убакыт аралыгында айрым бир чектелген аймакта белгилүү бир иш менен алектенүү укугун аныктоочу документ (токой кыркуучунун Б., аңчынын Б.).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БИЛЕТ – 1) белгиленген тариздеги, адатта көрсөтүүчүнүн, өтө сейрек болсо да, аты жазылган, адистешкен уюм тарабынан жол-жоболоштуруу жолу менен жасалган жана анын субъектисинин кызмат ишине байланыштуу Б. эмитент-уюмдун кызматынан пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү документ (м.: жүрүүчү Б. жүргүнчүлөрдү ташуу келишимин түзүүнү күбөлөйт); 2) анда көрсөтүлгөн адамдын белгилүү коомдук уюмга тийиштүүлүгүн аныктоочу документ (мүчөлүк Б., профсоюздук Б., партиялык Б.); 3) анда көрсөтүлгөн адамдын белгилүү убакыт аралыгында айрым бир чектелген аймакта белгилүү бир иш менен алектенүү укугун аныктоочу документ (токой кыркуучунун Б., аңчынын Б.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени пайдаланууга укуктуу экендигин далилдөөчү (адатта акчага сатып алынуучу) документ, чыпта. Проводница жүргүнчүлөрдүн билеттерин текшерүүдө (Сасыкбаев). 2. Партиянын, белгилүү бир уюмдун, коомдун ж. б. мүчөсү экендигин, кандайдыр бир милдеттери бар экендигин аныктоочу документ. Партиялык билет. // Окуучулук билет. 2. Билимин текшерүүдө суроолору көрсөтүлүп жазылган баракчалар. Экзамендик билеттер.