Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АРАКЕТСИЗДИК – кылмыштуу жосундун (кылмыштуу А.), ошондой эле административдик укук бузуучулуктун (кылык) түрү; тийиштүү адамдардын өзүнө тагылган укуктук милдеттенмелеринин негизинде жасоосу жана жасоого тийиш болгон аракеттерди жасабай коюусунан көрүнгөн, коомго коркунуч келтирген (кылмыштуу А. аркылуу) же коом үчүн зыяндуу укукка каршы солгун күнөөлүү жүрүм-турум.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Демилгесиздик, бир нерсени жасоого, өзгөртүүгө умтулбагандык. Тубаса мүнөзбү же ар кыл социалдык-психологиялык терс таасирлерден улам пайда болгонбу, – аракетсиздик – оору жана кылмыш сыяктуу эле эң жагымсыз, зыяндуу көрүнүш.