Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЛМАМБЕТ — Манастын кырк чоросунун эң көрүнүктүүсү. Теги боюнча кытай (кээде калмак) канзадасы, атасы Соорондук (айрым варианттарда Азизкан) кытайдын башкы кандары Эсенкан, Алооке, Карыкан менен бир тууган. Эпостогу монументалдуу образдардын ичинен А-тин образы өзүнүн көп кырдуулугу менен бөтөнчө орунга ээ. Манаска жакын башка адамдар өздөрүнө таандык сапаттары (Мисалы, Чубак, күч-кубатка эгедерлиги, намыскөйлүгү; Сыргак чыйрактыгы, шамдагайлыгы, моюбастыгы; Каныкей менен Бакай акылмандыгы, көсөмдүгү) менен өзгөчөлөнүп турушса, А-те аталган сапаттардын бардыгы тең бар. Ошондой эле ал — укмуштуу өлкө Кытайда окуган, аярлык, жайчылык өңдүү укмуштуу өнөрлөргө ээ жана аскердик өнөрдүн түрдүү жактарын терең билген каарман. Ал Манаска келип кошулгандан тартып эпостогу окуяларга активдүү катышып, Манас менен тең катар эле айтылат. Мухтар Ауэзовдун сөзү менен айтканда кээ бир учурда борбордук орунду Манас менен бөлүшө алган бирден-бир образ. А-ке айрыкча көңүл бурулганы колдо бар варианттардын бардыгында тең анын эпикалык өмүр баянынын атайылап өзүнчө берилишинен да байкалат. Эпосто Манас сыяктуу эле анын басып өткөн өмүр жолу: бойго бүтүшү, төрөлүшү, эрезеге жетиши, үйлөнүшү, баатырдык иштери, жалпы эле адамгерчилиги, ат-тону, жарак жабдыгы, акырында салгылашып жүрүп курман болушу ийне-жибине чейин сүрөттөлүү менен аскердик демократия шартындагы элдин талабына жооп берген идеал образды түзөт. Ал өзүнүн духуна туура келген, идеалына жооп берген баатырга жетүүнү көксөп, элден эл кыдырып, жер кезет. А. өз элинен кетип, кыргыздар тарапка өтүп, Манас менен эмчектеш тууган болгон күнүнөн өзүндөгү өнөр-билим, акыл-айла, баатырдык күч-кубатты кыргыз элинин намысын, эркиндигин жат душмандардан коргоого арнайт. Кытайдын чегин кайтарган укмуштуу, сыйкырдуу жаныбарлар: куу түлкү, куу өрдөк, куу аркар жана жалгыз көздүү Макел-Малгунду А. өзүндөгү мына ошол касиеттеринин жардамы менен жеңип чыгат. Жолду бууган агыны күчтүү дарыянын суусун жайчылык өнөрү менен тарттырып, кыргыз колун суудан аман кечирип өтөт, керек жерде күндү жайлап, жайды кышка айлантат. Ал ошону менен бирге таланттуу кол башчы катары кыргыз колун өтө узак, кыйын жортуулга билгичтик менен баштап барып, душманды жеңип алууда зор роль ойнойт.
Анын минтип Манаска ак кызмат кылып, өзү туулуп өскөн эли кытайга каршы кол баштап барышы өз ата мекенине чыккынчылык катары каралбайт. Тескерисинче, мында кытай элин адилетсиз кандардын зулум бийлигинен эркиндикке чыгаруу сыяктуу бийик идеал жатат. Эл-жерди сүйүүнүн идеал образы да А-тин образына байланышкан. Анын эл-жерди сүйүүсү, «элди сагынбас эр болбойт, үйүрүн сагынбас ат болбойт» — дегендей, башка жерде канчалык сый урматта жүрсө да, эли-жерин эстен чыгарбай куса болуусу аркылуу берилет. А-тин образы жана ага байланышкан окуялар өзүнүн алгачкы башатын кыргыз элинин байыркы доорлорунан алат. Биздин күндөргө чейинки өсүп-өнүгүүсүндө ал улам кийинки коомдук мамилелердин, эл башынан кечирген окуялардын таасири менен сюжет жагынан да, образ жагынан да өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Натыйжада анын образы көөнө мифтик-фантастикалык элементтерге бай маданий каармандан биздин күндөргө жакын тарыхый доордун конкреттүү реалдуу каарманына өсүп жеткен. А-тин образына байланыштуу окуялардын эң байыркыларынын бири өз атасы менен кагылышы энелик доордон аталык доорго өтүү мезгилиндеги социалдык конфликтинин натыйжасы. Аталык бийликтин күчкө кириши башта баланын кимден туулгандыгына кайдыгер караган энелик доордун укук нормаларына каршы келип, эми баланын закондуу атасынан туулушун талап кыла баштаган. Тескерисинче болгон учурда ата менен законсуз туулган баланын ортосунда касташуу келип чыккан. Мунун өзү дүйнө элдеринин уламыш, легенда, жомок, эпос өңдүү оозеки чыгармаларында кеңири чагылдырылган. Бу мотив ата менен баланын касташуусу деген тема менен илим дүйнөсүнө маалим. А-тин эпикалык өмүр баянындагы бойго бүтүшүнөн баштап эрезеге жетип, атасы Соорондүк (Азизкан) менен кандуу кагылышка барганга чейинки мотивдердин бардыгы тең дүйнө элдеринин эпикалык чыгармаларындагы биз эскерген ошол ата менен баланын касташуусу деген байыркы (энелик доор ыдырай баштагандан тартып) сюжеттин салтуу мотивдери менен окшоштугу А-тин образынын эң байыркылыгын ырастайт. А-тин Коңурбай, Эсенкан жана башкалар жакын туугандары менен пикир келишпестигинин алгачкы башаты да ушул эле энелик доор менен аталык доордун кагылышынын бир көрүнүшү. Коомдо эркектердин үстөмдүгү жеке атанын гана эмес, ал таандык болгон чоң бүлөнүн же уруунун эркек өкүлдөрүнүн да «законсуз туулган балага» кастыгын туудурат. Бул да өз учурунда дүйнө элдеринин эпикалык чыгармаларында салттык тема катары кеңири орун алган. А-тин атасы Азизкандын бир тууганы Алоокенин баласы «Алтымыш жайсаң кенжеси, Алоокенин эркеси» Коңурбайдын «Азизкандын арам сийдик жалгызы», — деп А-ке каршы турушундай көрүнүш түрк-моңгол элдериндеги Чынгыз-кандын «законсуз туулган бала» катары бир туугандары менен араздашканы жөнүндөгү уламыштан, Кавказ элдеринин орток эпосу «Нарттардагы» укмуштуу жол менен туулган Сосурконун өзүнүн 99 бир тууганы менен өмүр бою каршылашып өтүшүнөн көрүнөт.

Л. А. Ильина. Алмамбет баатыр.
Л. А. Ильина. Алмамбет баатыр.
Мындай мотив бир кыйла өзгөртүлүп, жаңы түргө келген калыбында түрк элдеринин «Алпамыш» эпосунда Каражан жана анын бир туугандары калмактын 90 баатырынын ортосундагы күрөшүндө учурайт. А-тин образынын байыркылыгын маданий каармандын образына таандык мифтик-фантастикалык элементтердин мол сакталып калышы да айгинелейт. А-тин табияттын каардуу күчтөрүн элестеткен укмуштуу жандарга (Макел-Малгун) каршы күрөшү, аярлык өнөрдүн түрдүү жактарына ээ болушу (мисалы, алтымыш баштуу ажыдаарды багындырышы), табиятты, аба ырайын өзгөртүшү (күндү жайлоо), жан-жаныбарлардын тилин билиши, керек учурда кубулуп кетиши (мисалы, Коңурбайдын кеп тонун кийип кубулуп, ал чекке койгон куу кулжа менен сүйлөшүүсү) жана башкалар сыйкырдуу өнөрлөрүнүн баары эпикалык чыгармалардагы маданий каарманга таандык белгилер (маданий каармандын образы адамдар алгачкы уруулук доордо жашап, табияттын жашыруун сырларын өздөштүрө баштаган мезгилинде пайда болгону атайын изилдөөлөрдө көрсөтүлгөн). А-тин образында адамзаттын байыркы учурда жан сактаткан бирден-бир жана алгачкы кесиби — аңчылыктын да айрым белгилери сакталганын байкайбыз. Ырас, бүгүнкү күндөгү баатырдык-тарыхый эпостун каарманы болуп калыптанган А-те аңчылык доордун уруу өкүлүнүн образынын айрым рудименти гана сакталган. Айрыкча кайберендер эгеси Байыңдын (Борбодук Азиядагы түрк-моңгол элдеринде Байың аңчылыктын кудайы) кызы, кереметтүү Аруукеге үйлөнүшүндө аңчылык доорго таандык ишеним-түшүнүктөрдүн белгилери ачыгыраак байкалат. А-тин образынын байыркылыгын анын ысмынын этимологиясы да ачык көрсөтөт. Эпикалык чыгармалардын салтында (айрыкча алардын алгачкы үлгүлөрүндө) каармандын аты анын аткарган ишине, кесибине (анын ичинде сыйкырчылыгына, аярлыгына да) байланыштуу болот. Мисалы, орус былинасынын каарманы, аңчы жана жадыгөй Волх Всеславьевичтин аты «волхв» — «сыйкырчы» деген сөздөн алынган. Борбордук Азияда жашаган түркмоңгол элдеринин тилинде «албан» деген сөз бар. Ал кубулуп кетүүчү көз боочу, сыйкырчы, аяр, жадыгөй, айлакер жигит, шамдагай, эптүү деген маанилерге эгедер. Укмуштуу өнөрлөргө ээ эл кытайдан сыйкырчылыкты, аярлыкты, жайчылыкты үйрөнө келген адам катары чоролор ичинде орошон айырмаланып турган А-тин атынын төркүнү ушул сөз менен байланыштуу болушу толук ыктымал. Ырас, «Манас» эпосун изилдеп жүрүшкөн айрым окумуштуулардын пикири боюнча «Алмамбет» деген ат «альмугаммед» деген араб сөзүнөн чыгат (Б. Юнусалиев). Бирок, бул сөз А-тин атына үндөш келип, сырткы формасы жакын болгону менен толук ынандыра албайт. Анткени, А. «Манас» эпосундагы эң байыркы образдардын бири жана пайда болуу доору адамдар табияттын үстүнөн адеп жеңишке жетише баштаган аңчылык мезгилге таандык.

Т. Герцен. Алмамбет.
Т. Герцен. Алмамбет.
Демек, бул каармандын аты кыргыз тилине кийин кире баштаган араб сөзүнөн алынышы мүмкүн эмес. А-тин образы эпостун көөнө стадияларында, мифтик-фантастикалык элементтерди камтыган баатырдык жомоктордун тушунда пайда болсо да, өзүнүн калыптанып бүткөн түрүнө баатырдык-тарыхый эпостун чегинде гана ээ болгон. Анын образына көркөм конкреттүүлүк, кыргыз элинин белгилүү тарыхый окуялары менен байланыштуулук, реалдуу эпикалык өмүр баян ушул мезгилде келип кирген. А-тин трансформацияланган эпикалык жаңы өмүр баяны таптык жиктелүү күч алган коомдун тушундагы социалдык кагылыштардын натыйжасында пайда болгон мотивдер менен толукталган. Анын өз жакындары менен кагылышын коом басып өтүп, унутула баштаган социалдык кагылыш менен мотивдөө кийинки доордун өкүлдөрү үчүн түшүнүксүз болуп, жаңы доорго Ылайык мотивдөөнү талап кылгандыктан анын Эсенкан, Коңурбай жана башкалар өз жакындары менен кагылышы энелик доордун укуктары менен аталык доордун укуктарынын кагылышы эмес, жеке бийлик күч алган монарх менен өз укугун коргогон инсандын күрөшү катары түс ала баштаган. А-тин адил, ак ниет, калыс башкаруучу катары элдин таламын талашып, алардын бийлигин кандардан коргоп чыгышы кытай жеринен куугунтукталып кетишине себеп болуп көрсөтүлөт. А-тин чыныгы динди издөөчү катары сүрөттөлүшү да ушул доорго туура келет. Кыргыздар ислам динин кабыл ала баштаганда, жогорудагы мурдатан кеңири белгилүү айрым мотивдер бурмаланып, мусулман идеологиясынын айрым түстөрүнө ээ болгон, мүмкүн бул максатта Орто Азия элдерине кеңири таралган Огуз-хан, Бугра-хан жөнүндөгү уламыштардын айрым мотивдери пайдаланылган. А-тин бир элден бир элге өтүп келишиндеги мотивдердин калыптанышына феодалдык доордогу ич ара кагылышууларга байланышкан тарыхый фактылар да таасирин тийгизген. Орто кылымдагы бийлик талашуунун, ошондой эле башка чырлашуулардын натыйжасында феодал төбөлдөрүнүн жоо тарапка өтүп кетип, бийликке ээ болушу адаттагы көрүнүштөрүнүн бири болгон. Мындай фактылар кыргыз тарыхында да көп кездешет. Мисалы, эне-сайлык кыргыздардын жыйырма жылга созулган катуу кармаштардан кийин, ошол кездеги Борбордук Азиядагы күчтүү мамлекеттин бири уйгурлардын үстүнөн болгон 840-жылдагы белгилүү чоң жеңишинде, уйгур ханы Чжан Синге каршы 839-ж. көтөрүлүш чыгаргандан кийин кыргыздар тарапка өтүп келген уйгур кол башчысы Күлү Ваганын салымы зор болгон. Айрым окумуштуулар ушул Күлү Баганын «Манас» эпосундагы А-тин образынын прототиби деген жоромол айтышат. Мунун жүйөлүү жагы да бар. «Манас» изилдөөчү көрүнүктүү окумуштуулардын басымдуу көпчүлүгү эпостун эпикалык борборун кыргыздардын жогоруда айтылган тарыхый мезгилине, 9 — 10-кылымдагы улуу державалык дооруна таандык кылышат. Кыргыз элинин ушул доордогу урунттуу чоң тарыхый окуясындагы көрүнүктүү инсан Күлү Баганын «Манас» эпосуна прототип болуп кириши толук ыктымал. Күлү Бага менен эпостун каарманы А-тин өмүр жолуна байланышкан окуялардын айрым урунттуу жерлеринин окшош болушу да ушул жоромолдун пайдасына кызмат кылат. А-тин атасы Азизкан кытайдын башкы кандары: Карыкан, Эсенкан, Алоокелер менен бир тууган жана бийлик жагынан тең ата укукта болгон сыяктуу эле тарыхый инсан Күлү Баганын уруусу — эдиздер да Уйгур конфедерациясын түзгөн он беш уруунун бири болуу менен бирге бийлик башында турган урууга тең ата болуп, айрым учурда бийликке да келип турушкан. А. атасы Азизкан, жакын туугандары кытай кандары менен каршылашып Манаска качып келип, кийин анын колун баштап барып Бээжинди багындырышындай окуяны тарыхый инсан Күлү Бага да башынан кечирген. Эдиздер уруусу элүү жыл бийлик талашып күрөшөт, бул күрөштүн аягында Күлү Бага кыргыздарга өтүп келип, алардын колун баштап барат да уйгурлардын борбору Орду-Балыкты талкалайт. Күлү Баганын уруусунун «эдиз» аталып, А-тин атасы Азизкандын атынын байыркы кыргыз тилиндеги формасы болуп саналышы да өзүнчө кызыгууну туудурат, К. Азизкан.
Р. Сарыпбеков

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«АЛМАМБЕТ И АЛТЫНАЙ» («Алмамбет жана Алтынай») — «Манас» эпосунан орус тилине которулуп жарык көргөн китеп (М., 1936). 168 беттен турат. «Манас» эпосунун сапма-сап которулган котормосунан акын Сергей Клычков «Алмамбеттин арманы» бөлүмүн орус тилине көркөм которгон. Бул чыгармада жомоктун сюжети, окуялары өзгөртүлгөн эмес, каармандардын кулк-мүнөзүн ачып берүүдө гана айрым өзгөртүүлөр киргени менен негизинен кыргызча вариантынын көркөмдүк колорити сакталган. «АЛМАМБЕТТИН АРМАНЫ» — манасчы Арзы Турду уулунун (КЭР) айтуусундагы «Манастан» үзүндү. Кызыл-Суу кыргыз автоном областтык адабият көркөм өнөр бирикмеси түзүп бастырган, «Кашкар гезити» басмаканасынан чыгуучу «Керме-Тоо» аттуу журналда (1987, № 3) жарыяланган. Көлөмү —293 сап ыр. Алмамбеттин окуясынын жалпы сюжеттик сызыгы сакталуу менен анын трагедиялык образы өтө кыска мүнөздө берилген. Үзүндүдө Алмамбеттин казактарга келгени гана эскерилет да, Көкчөдөн кетишинин себептери ачык көрсөтүлбөйт. «А. а-нда» чалгынга барууга жол талашкан Чубактын «тентиген кытай» деп кордошу Алмамбетти арман айтууга аргасыз кылганы, муңкантканы байкалат. Жалпысынан бул үзүндү боюнча Алмамбеттин образы эли, жерин таштаган качкын эмес, адилет, чындык издеп Манаска келген элдик баатыр катары сүрөттөлөт.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«АЛМАМБЕТТИН АРМАНЫ» — «Манастын» сюжетине байланыштуу кеңири белгилүү элдик күү. Анда Бээжинге кыргыз колун баштап барган Алмамбеттин туулган жерин көргөндө каңырыгы түтөп, жанындагы Сыргакка айткан арманы берилет. Күү кыргыз үналгысынын музыкалык фондусунда Ыбырай Туман уулу, Актан Тыныбек уулу, Мурсаалы Турсунбай уулу, Бексултан Бакы уулу жана башкалар комузчулардын аткаруусунда жазылып алынган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«АЛМАМБЕТТИН АРМАНЫ» — элдик дастан күү. Комузчулар арасына кеңири таралган бул күүнүн чыгышына «Манас» эпосундагы Алмамбет баатырга байланыштуу окуялар себепчи болгон. Коңурбай баштаган кытай кандары менен батыша албай, эли-жеринен кетүүгө аргасыз болгон Алмамбет казак баатыры Көкчөгө келип туруп калат. Анын келиши менен казак элинин туурдугу май, өзүлөрү бай болуп, Алмамбеттин айбатынан казактарга даап эч ким кол сала албайт. Эл Алмамбетти өз элинен чыккан баатырдай урматташат. Алмамбет да аларды сыйлайт. Алмамбетти көрө албаган казак билермандары, алардын тилине кирген Көкчөнүн кичи аялы Буудайбек Алмамбетти каралайт. Аларга ишенген Көкчө «Элиңе, жериңе кет тентиген кул» — дейт. Кейиштүү тагдырга туш болуп, же түз бастырып кете берээр жери жок кайгыга баткан Алмамбетке Акеркеч Манас баатырга баргын деп кеңеш берет. Ошондо Алмамбет капалана:
Көкчөдөн көргөн күнүм бул,
Көсөмгө кантип барамын?
Өлөңдүү жерге өрт койгон,
Көсөлгө кантип барамын
...Нарынан качып пилине
Барган менен нетейин?
Башымды алып кутулуп,
Башка бир жакка кетейин,
— дейт каңырыгы түтөп.
«А. а.» айтым күү болгондуктан адатта комузчу адегенде күүгө өзөк болгон ушул окуяны аңгемелеп айтып келип, анан күүнү аткарат. Күү жай жүрүштөгү кайрыктарда өткөрө муңдуу чертилет.
Б. Алагушов

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«АЛМАМБЕТТИН ЖОМОГУ» — «Манастын» сюжетине чертилген элдик күү. Бээжинге бараткан жолдо Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргак төртөө Тал-Чокуда отуруп, Манас дүрбү салып кытайдын элин көрүп таң калганда Алмамбет кытайдын жайын айтат. Мурун билбейм деп койгон Алмамбетке Манас таарыныч кылганда, анан Алмамбет өзүнүн туулуп өскөнүнөн баштап, Коңурбай, Эсенкан менен каршылашып, кытайдан кеткенине чейин, Көкчөдөн кетип, Манаска кошулганына чейин таржымалап, жомоктоп айтып бергени күүнүн чыгышына себеп болгон. Күү Ыбырай Туман уулунун, Актан Тыныбек уулунун, Асанаалы Кыштообай уулунун аткаруусунда кыргыз үналгысынын музыкалык фондусуна жазылган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЛМАМБЕТТИН КАБЫРЫ (кабырканасы)— Ат-Башынын Чеч-Дөбө деген жериндеги эски моло дөбө. Эл оозунда мындай деп айтылат: «Манас Чоң казатта чоролорун Шыпшайдардын огуна учурганда, Алмамбет дагы мерт болот. Ошондо Алмамбеттин сөөгүн Саралага артып, ай талаада карга-кузгун, ит-кушка жем болбосун деп жөнөтүп жиберет. Адамдан эстүү Сарала аманат сөөктү Чеч-Дөбөгө алып келген. Ошентип, Алмамбет сөөгү ушул жерге коюлган.» Саякбай Карала уулунун айтуусунда бул уламыш эпостон орун алган (Саякбай Каралаев, 2. 227).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АЛМАМБЕТТИН КҮМБӨЗҮ — Батыш Кытайдын Манас шаарындагы Сөгөт мазарындагы күмбөз. Шаардын түштүк-чыгышында, кадимки мусулмандардын күмбөзүндөй ак чоподон жасалган. Ичине намаз окуй турган кобутча чыгарылып коюлган. Кашаттын алдындагы узундугу 3 км, туурасы 1 км келген тектирде чоңдугу койдой, салмагы 20—30 кг жумуру таштар жатат. Уламыш боюнча илгери Манас менен Коңурбай согушканда ушул таштарды да колдонушкан. Ошол салгылашта эки тараптан тең көп кол кырылып, алар ушул Сөгөт мазарына коюлган имиш.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«АЛМАМБЕТТИН ОБРАЗЫНЫН ЭВОЛЮЦИЯЛЫК ӨНҮГҮШҮ» — Р. Сарыпбековдун монографиясы (Фр., 1977). Китеп эпостогу башкы каармандардын бири Алмамбеттин образынын алгач пайда болуу булактары, стадиялык өсүп-өнүгүшү жана калыптаныш маселелерине арналган. Эмгек «« Алмамбеттин окуясында» матриархаттык доордон патриархаттык доорго өтүү мезгилиндеги социалдык кагылыштын чагылдырылышы », «Алмамбеттин образындагы маданий каарманга таандык мифтик-фантастикалык элементтердин көрүнүшү», ««Манас» эпосунун тарыхый баатырдык эпос болуп кайрадан жаралуу мезгилинде Алмамбеттин образына кирген жаңы белгилер» деген үч баптан (главадан) жана кириш сөз, корутунду бөлүмдөрдөн турат. Иш түрк-моңгол жана башкалар элдердин фольклордук, лингвистикалык, тарыхый-этнографиялык материалдарынын негизинде салыштырма-тарыхый планда жазылган. Алгачкы булактарын энелик доордон аталык доорго өтүү мезгилиндеги социалдык конфликттерден башталган Алмамбеттин образы тарыхый-социалдык шарттардын алмашылышы менен тынымсыз эволюцияда болуп, башынан көптөгөн трансформацияланууну, алымча-кошумчаларды өткөрүп, байыркы мифтик-фантастикалык эпостун (баатырдык жомоктун) каарманынан классикалык формадагы тарыхый баатырдык эпостун каарманына айланышы изилдөөдө көрсөтүлгөн. Ошондой эле каармандын ысмынын этимологиясы талкууга алынат.
С. Алиев