Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Ажарлуу, жайдары. Эч кайгырбаган жүзү жарык, жылдыздуу адам («Чалкан»). Карындашым Кундузжан, Жүзүң жарык жылдыздан (Аалы). 2. Элге уят болбогудай, эл алдына кызарбагандай, кепке-сөзгө калбагандай абалда. Эми райондук биринчиликке да жүзүбүз жарык катыша беребиз («Советтик Кыргызстан»). Менин башымды ачып, такыялуу кыздай каада менен алып кетсең, эл алдында менин да жүзүм жарык болор эле, - деди (Өгөбаев). Бардыгынын жүзү жарык, көңүлдүү («Ала-Тоо»).