Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тың, бышык, чыйрак, тетик. Ким билет, келиндин жүнү тирүү эле көрүнөт, билбесе үйрөтүп аларбыз (Абдукаимов). Жүнү тирүү, такылдаган кара жалпакка Токтогулдун да назары түшө сүймөнчүгү артты (Бейшеналиев). Жүнү тирүү кыздын ачык, мукам үнү чыкты (Осмоналиев). В.: Эти тирүү. Адам болуп кете алар, эти тирүү бала көрүнөт (Жантөшев).