ЖУМУРТКА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАзыркы түрк тилдеринде жумуртка сөзү ар түрдүү айтылат: хак. нымырха, башк. йомортка, түркм. йумурта, аз. йумурта, каз., ног. юмуртка, ккал. жумыртка, як. сымыыт, караим. йымыртга// йымыра//йумурта. Бул сөздүн келип чыгышын түшүндүрүү бир топ татаал. Анткени анын алгачкы түрү тыбыштык өзгөрүүлөргө учураган. Азыркы жумуртка сөзү—жумшак сөзү менен тектеш. Ал мындайча чечмеленет.
Байыркы түрк тилинде йумрак, йумшак, йымшак, йымырка, йымыртга сөздөрүнүн баары азыркы кыргызча «жумшак» сөзүнүн маанисин берген (ДТС, 279, 267). Бул сөздөрдүн баары бир уңгудан келип чыгат.
Эң алгачкы абалына жакыны хакасча нымырха варианты болгон деп эсептөөгө болот. Анткени байыркы түрк тилинде йумурка сөзү й тыбышын н тыбышына алмаштырып, нымырха болгон.
Кыргыз, казак, кара калпак, ногой, башкыр тилдериндеги йумуртка//йомыртка вариантындагы сөз жогорку йумурка вариантынан башкачараак жасалган. Ал үчүн жумша этишинин келип чыгышына кыскача токтолууга туура келет. Байыркы түркчө йумша этиши йум+та морфемаларынан куралышы мүмкүн (Кудайбергенов, 1966, 160). Мындагы -та мүчөсү атоочтон этиш жасоочу -ла мүчөсүнүн варианты дешке болот. Түрк тилдеринде т тыбышы р же ш тыбыштарына алмашканы белгилүү (мисалы: тылда>шылта, атак// адак ~чув. ура). Ушундай кубулуштун натыйжасында йумта этишинен йумша жана йумра этиштери жаралган. Байыркы түрк тилдеринде йумра жана йумша варианттары жарыш колдонулуп келген. Алардан йумрак жана йумшак сөзү пайда болгон. Эң алгачкы йумта түрү йумра варианты менен контоминациялоодон йумурта этиши жасалып, андан йумуртка сөзү келип чыккан. Аяккы -ак тыбыштары метатезаланып, -ка түрүнө келип азыркы жумуртка сөзүнүн пайда болушуна алып келген. Көптөгөн мезгил өтүшү менен йумуртка сөзүнүн составында ртк деген үч үнсүздү катар айтуунун кыйынчылыгын жеңилдетүү үчүн кээ бир түрк тилдери к тыбышын түшүрүп, йумурта десе, кээси т тыбышын түшүрүп, йумурка түрүнө келтирген. Ушундай өзгөрүүлөрдүн натыйжасында азыркы жумшак жана жумуртка сөзүнүн теги боюнча бирдиги бузулуп, алардын ортосундагы семантикалык жана генетикалык байланышты сезүү кыйындап кеткен. Ошондой болсо да кыргыз тилинде тийип койсо эле жарылып калгандай жумуртка беле деген учурда жумуртка абдан жумшак нерсе катары бааланары даана көрүнөт.