ЖӨНӨТ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. жөнө этишинин аркылуу мамилеси. Он жолдошун кошуп берип, Ош шаарына жөнөттү (Бөкөнбаев). 2. Ташуу, жеткирүү максатында ар кандай жүктү, транспортту ж. б. жиберүү. Тонна, тонна эгинди кампага жөнөттүк (Нуркамал). Жөнөтөлү жаңкы буудай жүктөрдү (Турусбеков). 3. Күйөөгө берүү, сапарга, жолго узатуу. Боздотуп чалга жөнөткөн, Атама жетсин убалым (Тоголок Молдо). 4. Сөзүн айтуу, сүйлөмөкчү болгон же сүйлөп жаткан сөзүн улантуу. Эмесе сөзүмдү жөнөтөйүн угуп тургула (Жантөшев). Балта сөзүн жөнөтсүнбү, жокпу (Байтемиров). 5. Убакыт, мезгилди өткөрүү. Кысынып менден уялба, Кызыктуу жашты жөнөткөм (Токтогул). Жылдар өттү, балалыкты жөнөттүк (Бөкөнбаев). 6. Түбөлүккө (өлгөндө, каза болгондо) узатуу, коштошуу. Энесин тиги дүйнөгө жөнөтүп жетим калды (Мидин). 7. Бир нерсени бирөөгө сунуу, жылдыруу, алып берүү. Катарында отурган балага аякты жөнөтүп койчу деди (Токомбаев).