Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир нерсени жок, жоголгон абалга келтирүү, жок кылуу. Ошентип, күйкөнү жоготуп, салбырай бастырып келаткан элек (Сыдыкбеков). Бороондуу күндө жоготуп, Издетпедим ботойду (Тоголок Молдо).
  1. 2.           Ашыра сарыптоо, максатсыз, курулай чыгымдоо, бекеринче чача берүү. Атадан калган бар малын Сапырып чачып жоготкон (Тоголок Молдо).
  2. 3.           Айрылуу, ажыроо. Кайран жашты жоготуп, Карып келдим, Токтогул (Токтогул).
  3. 4.           Жок кылуу, кыйратуу, талкалоо, жоюу. Жаңынын салтын колдонуп, Жоготтуң эски жорукту (Бөкөнбаев). Багын ачып малайлар, Ленин тапты акылды. Эл жегичти жоготуп, Күлүн көккө сапырды (Токтогул). Жоготомун багыңды Жолго чачам жаныңды (Шүкүрбеков).